Путин ДССУнун потенциалын жакшылап бекемдөөгө чакырды

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөө учурунда
Россия президенти Владимир Путин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын лидери бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында билдирүү жасады.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму потенциалын жакшылап бекемдеши керек. Ага Россия кызыкдар тарап катары катышат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин БУУнун онлайн форматта өткөн сессиясында билдирди.

Россиянын лидери бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясында билдирүү жасады.

"ДССУнун потенциалын сапаттуу бекемдеш керек деп эсептейбиз. Мындай иштер жүрүп жатат жана Россия буга кызыкдар өлкө катары катышат", — деди Путин.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле коронавирус пандемиясынын эпкини миллиондогон адамдарга тийип, адамзат үчүн жаңы чакырык болгонун белгиледи. Аны менен катар эч нерсе менен баалангыс жүз миңдеген өмүрлөр кыйылганын айтып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0