07:52 28 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.6530
  • RUB1.0349
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1065)
53 0 0

Беларусь адистери препараттын коопсуздугун, майнаптуулугун карап чыгышмакчы. Андан сырткары, аны сыноодогу маселенин этикалык жактары каралары айтылды.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Беларусь коронавируска каршы россиялык вакцинаны клиникалык жактан сыноо боюнча документтерди алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин Telegram-каналында айтылган.

Учурда алынган кагаздарды карап, таанышып жатышат. Эксперттик топтун курамына "Саламаттык сактоодогу экспертиза жана сыноолор борбору" ишканасынын кызматкерлери, андан сырткары, эпидемиология жана инфекциялык оорулар боюнча жетектөөчү адистер кирген.

Путин: Россиянын коронавируска каршы вакцинасын биринчи Беларусь алат

Алар препараттын "коопсуздук жана майнаптуулугу боюнча шексиз маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн" баалашы керек. Андан сырткары, дарыны сыноо боюнча маселенин этикалык жактары каралат.

"Вакцинаны изилдөө заманбап ыкмалардын негизинде жасалат. Бул иш Россия Федерациясынын аймагында жүргүзүлгөн "Гам-КОВИД-Вак" вакцинасына жасалган ири изилдөөнүн бир бөлүгү болуп калмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Беларустагы тестке 100гө чукул ыктыярчы катышууда. Каалоочулар изилдөө аянты катары тандалып алынган уюмдун Минск жана Витебск шаарындагы сайтына арызын калтыра алат.

Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

Буга чейин Минск менен Москва Беларустун россиялык "Спутник V" вакцинасын тестирлөөнүн үчүнчү этабына катышуусу боюнча макулдашкан. Анын биринчи стадиясындагы клиникалык изилдөөгө катышкандардын 100 пайызында "Спутник V" вакцинасы туруктуу жана гуморалдык, клеткалык иммундук жообун калыптандырган. Аны менен катар эле "Спутник V" вакцинасын алган ыктыярчыларда вирусту нейтралдаштыра турган антителонун деңгээли COVID-19 менен ооругандарга караганда 1,4-1,5 эсе көп болгон.

Гуморалдык иммунитетке клеткалык эмес түзүмгө ээ жана адам организминин ар кандай биологиялык суюктуктарында болгон факторлор кирет. Алар ткань суюктугу, кан, шилекей, көз жаш, заара ж.б.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1065)

Тема боюнча

Жээнбеков: Россиядан вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат
Белгилер:
сыноо, вакцина, коронавирус, Беларусь, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ