АКШда өлүм жазасына кесилген киши 37 жылдан кийин акталып, абактан чыкты

© AP Photo / Moises CastilloКиши кишенчен. Архив
Киши кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаран 1983-жылы 19 жаштагы кызды сабап, зордуктап өлтүрүп салган деп айыпталып, өлүм жазасына тартуу өкүмү чыккан.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Американын Флорида штатындагы түрмөдө 37 жыл отурган киши акталып чыкты. Бул тууралуу The Guardian жазды.

Маалыматка караганда, Роберт Дюбуаз 1983-жылы 19 жаштагы кызды сабап, зордуктап, өлтүрүп салган деп айыпталып, өлүм жазасына кесилген. Бирок кийинчерээк жазасы өмүр бою эркинен ажыратууга алмаштырылган.

Ал эми 2020-жылдын 27-августунда соттун чечими анализдин туура эмес жыйынтыктарына жана ишенимсиз күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып чыгарылганы аныкталган.

Жабылат экен. Дүйнөдөгү эң чоң түрмөнүн сүрөттөрү

Ишти кайра кароо учурунда Дюбуаздын ДНКсынын үлгүсү алынып, натыйжада анын кылмышка эч кандай тиешеси жоктугу аныкталган. Мындан улам америкалык жаран акталып, абактан чыгарылды.

Дюбуаздын иши коммерциялык эмес юридикалык уюмдун жардамы менен кайра каралган.

Эркиндикке чыккан Дюбуаз соттун туура эмес чечиминен жабыркагандарга түзүлгөн атайын борборго убактылуу жайгаштырылды. Ал жактан жаңы жашоого көнүү үчүн жардам көрсөтүлөт. Жабырлануучунун мамлекеттен моралдык чыгым талап кылар-кылбасы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0