Трамп коронавируска каршы вакцина даяр болуп калганын жар салды

© AP Photo / Evan VucciАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкүгө карата АКШда 6,6 миллион адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын 2,5 миллиону айыгып, 195 миң адам каза болду.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун вакцинасы даяр болуп калганын, бир нече аптадан кийин сунушталарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Аз калды. Балким үч-төрт жумадан кийин алып чыгарбыз", — деди мамлекет башчысы.

Эгер вакцина толук иштелип чыкса, коронавируска каршы дүйнө жүзүндөгү экинчи вакцина болуп калат.

Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

Буга чейин россиялык адистер COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган. Ал "Спутник V" деп аталып, ушу тапта Россиянын аймактарына жөнөтүлүп баштады.

Бүгүнкүгө карата АКШда 6,6 миллион адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын 2,5 миллиону айыгып, 195 миң адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0