Эксперт: дүйнөдө мунайга суроо-талап түшүү коркунучунда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Френкель нефтиге болгон суроо-талап карантиндик чектөөлөрдөн улам түшүп, кампаларда анын запасы өсүп жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 16-cен. — Sputnik. Дүйнөлүк мунай рыногуна суроо-талап түшүү коркунучунда турат. Бул тууралуу S&P Global Platts (APPEC) 2020 виртуалдык конференциясында серепчилер билдиргенин РИА Новости жазды.

Эксперттер "кара майды" өндүргөн мамлекеттердин алсыз жагына өзгөчө көңүл бурушкан. S&P Global Platts компаниясынын президенти Мартин Френкель белгилегендей, жыл этегине чейин аталган сырьёго болгон дүйнөлүк суроо-талап суткасына сегиз миллион баррелге чейин кыскарат.

"Бул башка жылдарга салыштырмалуу өтө чоң көлөм", — деген ал.

Кыйын кырдаал: АКШ Россиядан нефть сатып алууга тыюу салмакчы

Френкель нефтиге болгон талап карантиндик чектөөлөрдөн улам түшүп, кампаларда анын запасы өсүп жатканын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0