Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүСудно-трубоукладчик "Академик Черский"
Судно-трубоукладчик Академик Черский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүң чечим кабыл алууга батына албасаң, жоопкерчиликти башкаларга жүктөйсүң. Берлиндегилер Алексей Навальныйдын ууланышына немистердин реакциясы Россиядан көз каранды экенин айтышууда.

"Биз күн тартибине бардык варианттарды алып чыгабыз, ыңгайлуу учуру келгенде чечим кабыл алабыз. Россия иликтөөгө катышуу менен мындай чечимдин ("Түндүк агым – 2нин" курулушунун токтотулушу жөнүндө – ред.) кабыл алынбашына салым кошо алат", — деп билдирет Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас. Демек, россиялык-германиялык мамиленин келечеги Кремлден көз каранды десек болобу? Ушул маселе жаатында кесиптешибиз Петр Акоповдун макаласына көз чаптырыңыз.

Чоң ката. Германия "Түндүк агым — 2" курулушун токтотуу талабын сындады

Бирок аныгында тарыхый тандоонун алдында Германия жетекчилиги турат. Жакын арадагы аракеттери келечек үчүн аныктоочу, чындап эле тарыхый кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Россиялык-германиялык мамилелеринин эмес, Германиянын өзүнүн, демек, бүтүндөй Европанын келечегин аныктайт. Анткени Навальныйдын окуясы – Россия үчүн эмес, Германия жана анын европалык долбоору үчүн текшерүү. Навальныйдын ууланышы дале күдүк жаратат, бирок аны таптакыр башка – геосаясий максатта пайдалануу аракеттери айдан ачык.

Германияны "Түндүк агым – 2ни" токтотууга мажбурлагылары бар. Дээрлик аяктап калган долбоордон толук баш тартуунун кесепеттери олуттуу. Немис экономикасына эмес албетте, курулушка сарпталган он миллиард евро ФРГ үчүн арзыбаган тыйын. Ал эми орус газы баары бир Украина аркылуу жеткирилет. Эгер долбоор токтотулса, эң биринчи Германиянын беделине доо кетет.

Орустар немистердин өз алдынчалыкка умтулуусунан таптакыр көңүлү калат, ал эми англосакстар өз кызыкчылыктарына төп келчү жана акылга сыйгыс чечимдерге түрткүлөп, мурдагы кылымдагыдай эле манипуляциялай аларына дагы бир ирет ынанышат.

Россия ТИМи Берлиндин Навальный тууралуу билдирүүсүнө үн катты

Европалыктардын басымдуу бөлүгү (анын ичинде Россия менен газ долбоорлоруна түздөн-түз катышкан италиялыктар жана австриялыктар) Берлин жалпы европалык кызыкчылыктар менен эсептешүүгө даяр эместигине көзү жетет.

Эң башкысы – немистер өздөрү суверенитетин кайтара албаганына күбө болушат. Андыктан Навальныйдын ууланышына карата немистердин жообунун кесепети биринчи кезекте Германиянын өзү үчүн оор болот.

"Түндүк агым — 2" — бул тек гана маркер, символ. Маастын айткандарына карабай, Россия Берлинге эч кандай жардам бере албайт. Навальныйдын ууланышын иликтөөбүз немис бийлигин өз чечимин кабыл алуу зарылдыгынан куткарбайт. Ал чечим Крымдан кийинки Россия менен болгон санкциялык согуштун башталышынан да кыйла маанилүү болушу мүмкүн.

Соңку жылдары долбоор ишке кирсе, Украина транзиттик акчадан ажырайт деген шылтоо менен англосакстар жана чыгыш европалык сателлиттердин "Түндүк агым – 2ни" токтотуу аракеттерине Берлин туруштук берип келди.

Москва менен Украина аркылуу транзиттин бир бөлүгүн сактап калуу боюнча макулдашылган соң, өз адамдарын эзип, Европада химиялык курал пайдаланган (кеп "Скрипаль иши" жөнүндө) тирандан газ сатып алуу моралга жат дей башташкан. Кийин Германия өз коопсуздугу үчүн аны орустардан коргогон америкалыктарга кем төлөйт, ал эми россиялык газды сатып алат дей башташкан.

Берлиндегилер буларды укканы менен газ түтүгүн курууну уланта беришкен. Улуу Британия Европа биримдигинен чыгып кетти, Америка менен мамилелерде көйгөй көбөйө берди. Мындай кырдаалда германиялык жетекчилик өз кызыкчылыктарын жана бирдиктүү Европаны башкаруу укугун коргоого гана милдеттүү болгон. Анан калса, немис саясатчыларынын баары немистердин көпчүлүгү Германия үчүн негизги көйгөй Россия эмес, Кошмо Штаттар деп эсептешкенин билишет. Андыктан басмырлоого туруштук беришмек.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Навальныйдын окуясын "Түндүк агым – 2нин" тагдырына байлоо аракети башында кезектеги чагымчылык катары сезилген, андай чабуулду Германия жөн эле кайтарып кое алмак. Бирок акыркы үч апта немис басма сөзүндөгү жана саясий чөйрөдөгү ызы-чуу өзгөчө нукта, атлантикалыктар болгон күчүн мобилизациялаган өңдүү.

Мурдагы тышкы иштер министри Йошка Фишер "диктатуралар менен бизнес кылууга кандай моралдык бааны төлөөгө болот?" деп ой толгойт. Маңызында, ал "Түндүк агым – 2нин" токтотулушун талап кылат. "Федералдык өкмөт ЕБ ичиндеги каршылыкка карабастан, бул германиялык-россиялык газ түтүгүн курууга Россияга жалгыз жардамдашуу чечимин кабыл алуу менен стратегиялык ката кетирген. Эми биз саясий жана экономикалык залалдын эбегейсиз экенине күбө болуп отурабыз", – дейт ал.

Ал эми Фишердин мурунку жетекчиси Герхард Шредерден бир пикирге келүүнү талап кылышууда. Бундестагдагы ХДС/ХСС фракциясынын төрагасынын орун басары Йохан Вадефуль мурдагы канцлерди "Россияда ээлеген кызматтарынан ("Норд-Стрим" жана "Роснефть" компанияларындагы) тезинен баш тартууга" чакырат: "Эгер Шредер мырзанын саясий туруктуулугу жана баалуулуктары болсо, анда ал андай өкмөттөрдөн көз каранды болгон компания жана институттар менен мындан ары кызматташпоого тийиш".

Шредерди "Союз-90/Жашылдар" фракциясындагы Геринг-Эккардт да бир зекип алды: экс-канцлер демократия жана адам укуктарын колдор-колдобосу тууралуу бир чечимге келүүгө тийиш.

Кыйын кырдаал: АКШ Россиядан нефть сатып алууга тыюу салмакчы

"Солчулдардын" мурдагы лидери Сара Вагенкнехт Навальный иши боюнча "Түндүк агым – 2" газ түтүгүнөн баш тартууну талап кылгандар Германияны көгүлтүр от менен жабдыган башка өлкөлөрдү да тигил же бул критерийлер менен алардын кесепеттерин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилейт. "Бул ишке Кремль жооптуу болгон күндө да (буга алигүнчө эч кандай тастыктоо жок), Сауд Аравиядагыдай оппозиционерлердин башын алып же өлүмгө жеткиргенче жазалагандай үрөй учурарлык эмес. Ал эми биз андан деле мунай алабыз. Бизге сланецтик газ берген Кошмо Штаттардын кылыгындай, бейкүнөө жай тургундарды учкучсуз аппараттар аркылуу жардырганы жок", – дейт.

Мында кеп кош стандарттарда гана эмес. Навальный окуясында РФ жетекчилигинин дарегине тагылган айыптоолор эле далилсиз болбостон, "ууландыруу" фактысынын чын-төгүнү да белгисиз.

Немис бийлиги РФ тышкы иштер министринин талаптарына жоопту атайын создуктуруп келет. Россиялык ТИМдин билдирүүсү андан да катаал мүнөздө. Элчи Геза Андреса фон Гайрга Германия өкмөтүнүн аракеттери боюнча чечкиндүү протест жарыяланды: "Биздин өлкөнүн дарегине кескин талаптарды жана эч кандай далил менен тастыкталбаган айып тагууга жол берилбейт". Ошондой эле Берлин "бундесвердин врачтарынын" медициналык тыянагы боюнча материалдарды көрсөтпөсө, Москва муну ФРГ бийлигинин акыйкаттыкка жетүү жана калыс иликтөөдөн баш тартуу аракети катары кабыл алары туурасында эскертти.

"Мындай учурда ФРГнын аракеттери Россияга каршы одоно душмандык чагымчылык жана эл аралык кырдаалды олуттуу түрдө татаалдаштыруу катары каралат". Россия мындай жагдайда ушундай кескин эскертүүлөр менен гана кол кабыш кыла алат.

"Оюн жүрүп жатат". ЕБде Беларуска каршы санкциялар эмне үчүн бөгөттөлдү

Ошону менен бирге эле Навальный үчүн "Россияны жазалоо" боюнча чара көрүү чечимин кабыл алууда Берлиндегилер россиялык-германиялык мамилелер жөнүндө эле эмес, Германиянын өзүнүн келечеги өз алдынчалык чыйыры жана бүтүндөй Европага жоопкерчилигин да (ушул нерсе немис саясатынын башкы максаты эмеспи) ойлогону оң.

Катанын кесепети Россия үчүн эмес, анын улуу батыш коңшусунун аброюна доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0