Психиатр күзгү депрессиядан арылуунун эң оңой жолун атады

© Фото / Pixabay/ n-kukovaОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн бүркөөдө бакыт гормону деп аталган серотин адамда аз бөлүнүп чыга баштайт. Психиатрдын айтымында, ушундан улам адамдар депрессияга кабылат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бөлмөнү туура жарыктандыруу жана майрамдык гирлянддардын жардамы менен күзгү депрессиядан арылса болот. Бул тууралуу жогорку категориядагы дарыгер-психиатр Виктор Ханыков Sputnik агенттигине маек берип жатып айткан.

Адис белгилегендей, күзүндө күн кыскарып, суук түшүп, көпчүлүктүн маанайы чөгө түшөт. Күн бүркөөдө бакыт гормону деп аталган серотин адамда аз бөлүнүп чыга баштайт. Психиатрдын айтымында, ушундан улам адамдар депрессияга кабылат.

Кыйкырсаң, эс алып каласың. Психиатрдын кеңеши

Адис мындай учурда бөлмөнү жарык кылып маанай көтөрсө болорун айткан. Бирок жарыкты көбүрөөк бериш үчүн электр энергиясы көп талап кылынат. Ал эле эмес жарыкты жакшы берген лампаларды алып, гирлянддардын жардамы менен майрамдык маанай жаратса боло турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0