Microsoft TikTok тиркемесин сатып ала алган жок. Сунуш четке кагылды

© REUTERS / Dado RuvicЗапрет приложения TikTok в Китае
Запрет приложения TikTok в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамп ByteDance 15-сентябрга чейин АКШдагы бизнесин жергиликтүү компанияга сатуусун талап кылган. Болбосо тоскоолдукка тушугарын эскерткен.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. TikTok тиркемесине ээлик кылган кытайлык ByteDance компаниясы АКШдагы бизнесин Microsoft уюмуна сатуудан баш тартканын маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Microsoft жасаган сунуш пайдалуу экенине карабай кытайлык компания аны четке каккан.

"ByteDance АКШдагы TikTok бизнесин Microsoft уюмуна сатпай турганын бизге билдирди. Сунуш TikTok тиркемесинин колдонуучулары үчүн пайдалуу болоруна ишенебиз. Ошол эле маалда ал улуттук кызыкчылыкты да коргойт", — деп айтылат маалыматта.

Ал арада Bloomberg агенттиги компанияны сатып алууга кызыкдар экинчи кардар Oracle сүйлөшүүнү жандантканын билдирген.

Акча жоготтук! Трамп Кытай менен бизнести токтотуп коюшу мүмкүндүгүн эскертти

ЖМКда буга чейин ByteDance АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландиядагы бизнесин кимге сатарын аныктаганы, бирок аларман ким экенин кийинчерээк ачыктай турганы айтылган. Ага карабай АКШ президенти Дональд Трамп ByteDance 15-сентябрга чейин Америкадагы бизнесин жергиликтүү компанияга сатуусун талап кылып, болбосо TikTok тиркемеси тыюу салууга тушугарын эскерткен.

Кыска видеолорду тартып көрсөтүүчү TikTok тиркемеси кытайлык ByteDance компаниясына таандык. 2018-жылы иштелип чыккан бул тиркеме Кытайда кыска видеолорду тартуу жаатында лидерликке чыгып, акырындык менен дүйнөнү багындырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0