Кенияда турмушка чыгам деп турган келин сүйүктүүсүнүн көз алдында каза тапты

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРека Агура в Сочи
Река Агура в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйүшкөндөр шаркыратманын жанында пикник кылып жатканда кыз жигитинен сүрөткө тартып коюусун өтүнгөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кенияда 31 жаштагы аял сүйүктүүсү менен бирге сейилдеп жүрүп кокусунан ажал тапканын РИА Новости аймактык The Standard басылмасына шилтеме берип жазды. 

Окуя өлкөнүн батышындагы Нанди аймагында болгон. Сүйүшкөндөр Чепкийт шаркыратмасынын жанында пикник кылып жатышканы айтылат. Мына-мына турмушка чыгам деп турган Доркас Жепкемой Чумба сүрөткө түшмөкчү болгон.

ЖМК: Австралияда немец футболчусу акулаларга жем болду

Улам ар кандай туруп сүрөткө тартылып жаткан аял кокусунан тайгаланып кетип, сууга кулап түшкөн.

Маркумдун жолдошу бул жашоосунда эң оор учур болгонун айтып, жандалбастап жаткан сүйүктүүсүнө жардам бере албай калганына жүрөгү сыздап турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0