Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

© REUTERS / Leah MillisАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгисиз адам Кайгуул кызматынын автоунаасынын жанына келип, капыстан эле анын ичинде отурган полиция кызматкерлерин терезеден бир нече ирет аткылап, андан соң качып кеткен. Жарадар болгондордун бири аял экени айтылды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп полициянын эки кызматкерине Калифорнияда жөнү жок жерден ок чыгарган кылмышкердин өлүм жазасына тартыларын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Эгерде алар (полициянын эки кызматкери – ред.) ары карап кетсе, сот тез болот, канкорго өлүм жазасы колдонулат. Бул токтото турган бирден-бир ыкма", – деп жазды Трамп Twitter тармагындагы баракчасына.

Автоинспектордун колун терезеге кыпчып алып сүйрөткөн. Питердеги окуянын видеосу

Башка маалыматтарда ок жеген кызматкердин бири эркек, экинчиси аял экендиги айтылды.

Буга чейин ал "Көк жашоолор мааниге ээ" (Blue lives matter) деп аталган кыймылдын чатагы туурасындагы маалыматты бөлүшкөн. Алар полиция кызматкеринин укугу үчүн күрөшүп, жарадар болгондор үчүн дуба кылууну суранган.

Эске салсак, Калифорниянын Комптон шаарында белгисиз бирөө Кайгуул кызматынын автоунаасынын жанына келип, капыстан эле анын ичинде отурган полиция кызматкерлерин удаасы менен бир нече ирет атып, качып кеткен. Окуянын кандай болгонун RT өзүнүн "Телеграмм" https://t.me/rt_russian/44730 каналына жайгаштырган.

Шерифтин эки жардамчысы оор жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Ал эми тартип сактоочулар кылмышкерди издеп баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0