Гармонияда бол! Ислам Каримовдун кызы англис тилинде биринчи китебин чыгарды

© AFP / Ben GabbeӨзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева. Архив
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын айтымында, Be Your Own Harmonist ("Өзүң менен гармонияда бол") деп аталган китепте Каримованын көп жылдык руханий жана илимий изденүүлөрү камтылган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева англис тилинде алгачкы китебин жазып чыгарды. Бул тууралуу Каримова Instagram баракчасына жазганын Sputnik Өзбекстан билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Lola Karimova-Tillyaeva (@lola_tillyaeva)

Бул эмгек Be Your Own Harmonist ("Өзүң менен гармонияда бол") деп аталат.

"Китеп англис тилинде чыкты. Анда ар бирибизде катылган ички мүмкүнчүлүгүбүз, өзүбүзгө жардам берүүнүн жолдору тууралуу маалыматтар жазылган", — деп жазган Каримова-Тилляева.

Каримованын айтымында, бул китепте көп жылдык руханий жана илимий изденүүлөр бар. Мындан сырткары, анда гармония жана ден соолукта болуш үчүн кандай тажрыйба керектиги тууралуу маалыматтар камтылган.

Каримова-Тилляева азыркы кыйын кырдаалда китеп көпчүлүктүн керегине жарап, пайдалуу болот деген оюн жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0