Австрияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы айтылды

© Sputnik / Филипп Брем / Медиабанкка өтүүВена шаарында көчөдө бараткан адам. Архив
Вена шаарында көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн канцлери коронавирус жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатканын белгилеп, муну пандемиянын экинчи толкуну деп сыпаттайт.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Австриянын канцлери Себастьян Курц өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталганын айтып, күз жана кыш айлары эл үчүн оор болот деп тынчсызданат. Бул тууралуу австриялык АРА басма агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.

Курц инфекция жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатканын белгилеп, муну коронавирустун экинчи толкуну деп сыпаттайт.

Сабак албаптыр. Европада COVID боюнча чектөөгө нааразы болгондор митингге чыкты

"Эки жума мурда күнүнө коронавирус жуктурган 350дөй учур болгон, кечээ бизде 850дөн ашты. Абал өзгөчө Вена шаарында курч. Жалпы өлкө боюнча илдет жуктургандардын тең жарымына туура келет. Тилекке каршы, бул абал менен биз күнүнө 1000 жаңы учур катталган күнгө жетебиз", — деген канцлер.

Курц күз жана кыш айы австриялыктар үчүн оор болорун белгилеп, элди социалдык байланышты азайтуу, бет кап кийүү, аралыкты сактоо сыяктуу бардык коргонуу аракеттерди көрүүгө чакырат.

Канцлер эпидемиологиялык абал курчуп баратканына байланыштуу дүйшөмбү күндөн тарта бийлик коронавируска каршы чараларды күчөтөрүн билдирет. Анын ичинде бет кап тагынуу режими да тыкыр колго алынат. Эми коомдук жайларда ар бир жаран оозун, мурдун жаап жүрүшү зарыл. Иш-чараларды өткөрүү да катаалданат. Анда имаратта 50 кишиден ашык адам катышпашы керек. Ачык жерде болгон иш-чараларга 100 гана адамдын катышуусуна уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0