Миллион евро алам деп колун араалап салган кыз кесилип кетти. Словениядагы окуя

CC0 / Pixabay / Gianni CrestaniПила на столе
Пила на столе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22 жаштагы кыз окуя болордон бир жыл мурун беш камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөнү айтылды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Словенияда жашаган кыз камсыздандыруу компаниясынан 1 миллион евро алууну көздөп араа менен колун кесип салган. Бул туурасында ABC News басылмасы жазды. 

22 жаштагы Юлия Адлесич 2019-жылдын башында сүйгөн жигити менен макулдашып, ал анын колунун бир бөлүгүн кесип алып салууга жардам берген. Кыз андан бир жыл мурун беш камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөн болчу. Ага ылайык, кырсыкка кириптер болгону үчүн 1 миллион евро алмак. Каражаттын жарымы башында берилип, калганы ай сайын төлөнмөк.

Кыз колунун бир бөлүгүнөн ажырагандан кийин ооруканага барып, даракты бутап жатып жаракат алганын айткан. Деген менен колунун кесилген бөлүгүн алып барышкан эмес.

Мындан улам кыз-жигиттин жоругу күмөн санаткан. Прокуратура Юлия окуядан бир нече күн мурун интернеттен жасалма кол кантип иштээри туурасында маалыматтарды издегенин аныктаган. Бул "кырсыкка" атайылап болгонуна дагы бир далил болуп берди.

АКШ: уурулар байлыгы менен интернетте мактанам деп колго түштү

Сот учурунда кыз мындай ишке эч качан өз каалоосу менен барбай турганын билдирген.

"Эч ким майып болуп калгысы келбейт. Менин жаштыгым бүлүндү. 20 жашымда колумдан ажырадым. Кандай оор болгонун бир гана өзүм билем", — деп айткан Юлия.

Деген менен Словения соту Юлияны камсыздандыруу боюнча алдамчылыкка аракет кылууга күнөөлүү деп таап, эки жылга эркинен ажыратты. Ал эми жигити үч жылга кесилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0