Рим папасы төшөк кумары тууралуу оюн билдирип, аны башкача баалады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОбщая аудиенция Папы Римского Франциска на площади Святого Петра в Ватикане
Общая аудиенция Папы Римского Франциска на площади Святого Петра в Ватикане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Понтификтин айтканына караганда, чиркөө "адамгерчиликсиз, орой жана ыплас канааттанууну" сындап келген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Рим папасы Франциск "сүйүктүү адамың менен болгон төшөк кумарына батуунун же жакшы тамак жегендин өзү — Кудайдан" деп билдирди. Бул туурасында РИА Новости AFP агенттигине шилтеме кылып жазды. 

Понтификтин TerraFutura китебинен алган цитаталары жарыяланган.

"Канааттануу түздөн-түз Кудайдан келет. Ал католиктики, христиандыкы же дагы башканыкы эмес, ал болгону Кудай берген нерсе", — деди Франциск.

Понтификтин айтканына караганда, чиркөө "адамгерчиликсиз, орой жана ыплас канааттанууну" сындап келген. Бирок табигый, адамдык жана адеп-ахлактык нерсени ар дайым кабыл алган.

Окумуштуулар төшөк мамилеси менен узак өмүрдүн байланышын түшүндүрдү

Рим папасы сезимди танып, жокко чыгарып "өтө ашып-ташып айтылган мораль" "христианчылыкта айтылгандарды туура эмес чечмелейт" деген оюн билдирген. Анын пикиринде, тамак жегендеги канааттануу адамдын ден соолугуна кам көрөт, ал эми төшөк мамилесинен алган кумар адамды жакшыртып, тукумду улантууга кепилдик берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0