Сасык тумоо жана COVID менен бир убакта ооруган канчалык кооптуу? Дарыгердин ою

© Фото / Pixabay / Mojca JJЭпидемия гриппа
Эпидемия гриппа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер инфекция менен алышып, аны жеңүү үчүн уйкуну толук кандырып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, машыгып даярдануу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Коронавирус жана сасык тумоону бир убакта жуктуруп алуу өтө кооптуу, ал тургай өлүмгө дуушар кылышы ыктымал. Бул тууралуу дарыгер-отоларинголог Владимир Зайцевдин айтымына таянып "Известия" басылмасы жазды.

Дарыгер сасык тумоо пневмонияга чейин жеткирип, өпкө, кокону жабыркатып, мурун менен тамактын ортосунда көйгөй жаратып коюшу ыктымал экенин айткан. Ал эми коронавирус өпкө-коко оорусу болуп эсептелет.

"Эки вирус кошулганда жүрөк-кан тамыр илдети пайда болуп, организмди алсыратып коюшу мүмкүн. Мындан улам адам бир эмес эки ооруга дуушар болуп, организм эки эсе кыйналат", — деген адис.

Коронавирус менен сасык тумоо бирдей жукканда дем алууда кыйынчылык жаралып, жөтөл менен коштолуп, дем кысылышы мүмкүн.

Дарыгердин айтымында, мындай коркунучка биринчи кезекте алсыз, улгайган адамдар дуушар болот. Инфекция менен алышып, аны жеңүү үчүн уйкуну толук кандырып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, машыгып даярдануу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0