Deutsche Bank ааламдашуудан кийин "башаламандык доору" келерин болжоду

© AFP / STRБиржа соодасын карап жаткан адам. Архив
Биржа соодасын карап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Божомолго ылайык, Кытай экономикалык өсүү боюнча АКШдан ашып түшкөнү жаңы доордун мүнөздүү белгиси болуп калат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. 40 жылдан бери созулуп келе жаткан ааламдашуу доорун "башаламандык кылымы" алмаштырууда. Бул тууралуу Deutsche Bank жүргүзгөн иликтөөдө айтылганын РИА Новости жазды.

Билдирүүнүн автору Джим Рейд жана анын кесиптештеринин божомолуна ылайык, экономикалык өсүү боюнча Кытай АКШдан ашып түшкөнү жаңы доордун мүнөздүү белгиси болуп калат.

Өлкөлөрдүн тирешүүсү экономикалык чөйрөдө болот. Бул Америка Кошмо Штаттары менен СССРдин кансыз согуш маалындагы өз ара алакасын эске салат.

Кыргызстанда инвесторлорду колдоочу долбоор иштей баштады

Изилдөөчүлөр глобалдык карыздын өсүшү уланарын, борбордук банктардан "асмандан түшүүчү акчалар" саясаты жана 21-кылымда эрезеге жеткен жаш муундун таасиринин күчөшү күтүлөрүн белгилешти.

Ошондой эле "башаламандык доору" инфляциянын өсүшү, климат көйгөйү, муундар атаандаштыгынын катаалдашы жана жаңы технологиялык революция менен шартталат.

Азыркы өкүм сүргөн "башаламандык" болжол менен жакынкы он жылда же андан ашык мезгилде жаңы доорду аныктайт.

Ошол эле учурда изилдөөнүн авторлору "башаламандык доорун" инвестиция салуудан баш тартуунун себеби катары кабыл албоого үндөп, ал "ири көлөмдөгү интервенцияларды жана өтүмдүүлүктү жаратат" деп белгилешүүдө.

Адистер учурдагы глобалдык баалуулуктарды жаңы турмуш чындыгы өзгөртөрүн эскертип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0