Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эми жөнөкөй элди эмдөө башталат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБрифинг, посвященный первой в мире зарегистрированной вакцине от COVID-19
Брифинг, посвященный первой в мире зарегистрированной вакцине от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Спутник V" вакцинасын алган ыктыярчыларда вирусту нейтралдаштыра турган антителонун деңгээли COVID-19 менен ооругандарга караганда 1,4-1,5 эсе көп болгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясын жарандарга саюу үчүн чыгарышты, аларды жакында аймактарга жеткирүү күтүлүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына таянып жазды.

Аталган ведомстводон вакцина тиешелүү болгон лабораториялык бардык сыноолордон өткөндүгүн айтышты.

COVID-19га каршы вакцина мыйзам чегинде катуу көзөмөлдө сыналды

Август айында Россия дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19ду профилактика кылган вакцинаны Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология изилдөө борборунун адистери тарабынан Россиянын түз инвестициялары боюнча фонддун көмөгү менен иштеп чыккан. Анын жыйынтыгында клиникалык изилдөөгө катышкандардын 100 пайызында "Спутник V" вакцинасы туруктуу жана гуморалдык, клеткалык иммундук жообун калыптандырган.

Гуморалдык иммунитетке клеткалык эмес түзүмгө ээ жана адам организминин ар кандай биологиялык суюктуктарында болгон факторлор кирет. Алар ткань суюктугу, кан, шилекей, көз жаш, заара ж.б.

Аны менен катар эле "Спутник V" вакцинасын алган ыктыярчыларда вирусту нейтралдаштыра турган антителонун деңгээли COVID-19 менен ооругандарга караганда 1,4-1,5 эсе көп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0