Индонезияда бет кап режимин бузгандарды табыттарга салып жазалашты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык маскалар. Архив
Медициналык маскалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыкманы жергиликтүү бийлик менен ыктыярчылар коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чарасынын алкагында киргизишкен.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Индонезиянын айрым аймактарында бет кап кийүү режимин бузгандар үчүн өзгөчө жазалоо — жасалма табыттарга жаткыруу ыкмасы киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына таянып РИА Новости жазды.

Мындай ыкманы жергиликтүү бийлик менен ыктыярчылар коронавирустун жайылышын алдын алуу иш-чарасынын алкагында киргизишкен.

Проболинго шаарында эреже бузгандарга COVID-19 илдетинен каза болгондорду ташуучу табыт жана полиция же эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөгөн органдын кызматкерлери бар катафалкка отургузуу каралган. Алар эреже бузгандарга пандемия жана эпидемиологиялык коопсуздук тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мындан сырткары, өзүнүн айыбын баалоону сунуштайт.

ДССУ коронавирус акыркы пандемия эмес экенин жар салды

Мындай жазага күтүүсүз текшерүүдө бет капсыз кармалган Maron Market базарынын 50 соодагери кабылган. Бул жазадан сырткары эреже бузгандардын айрымдары бир апта соодага чыгуу укугунан ажыратылган. Кээ бирлеринин Индонезия жараны экенин аныктоочу персоналдык картасын пайдалануу укугу үч айга чектелген. Ошондой эле базарды шыпыруу, канализацияларды тазалоо сыяктуу иштерге тартылган.

Индонезия Түштүк-Чыгыш Азияда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны көп Филиппин өлкөсү менен бир сапка чыккан. Пандемия учурунда аталган өлкөдө коронавирус менен 197 миң адам ооруп, анын 8 130у каза болгон. 141 миң бейтап сакайган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) 11-мартта COVID-19 инфекциясынын жайылышын пандемия деп жар салган. Соңку маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө 27 миллионго чукул адам аталган ооруга чалдыгып, анын 876 миңден ашыгы көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0