Коронавируста антибиотик, витамин, гормон дарыларын колдонуунун жолу. 7 эреже

Жазылуу
Кыргызстандык активисттер дарыгерлердин жардамы менен коронавируска кабылган учурда жасай турчу жети кадам тууралуу айтып беришти.

Видеороликти Темир Жумакадыров атындагы "Pro Lex" коомдук фонду даярдап, социалдык тармактагы баракчасы жүктөдү.

"Апаатка эч ким даяр эмес болчу. Бирок өткөндөн сабак алып, оорунун болжолдуу экинчи толкунунда катачылыктарды алдын алсак болот. Эң башкысы дени сак жашоо образын жүргүзүп, организмге жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирустун экинчи толкунуна туруштук бере алабызбы? Саресеп

Ал эми адистер ооруга кабылган учурда эске ала турчу жагдайларды айтып беришкен.

  1. Антибиотиктерди өз алдынча колдонбоңуз, себеби алар вируска туруштук бербейт. Аларды туура эмес колдонгон учурда ден соолукка зыян келиши мүмкүн. Антибиотиктер бактериялык инфекциялар тастыкталган маалда берилет. Ошондой эле аларды өз алдынча колдонуу ооруканаларда препараттын жетишсиздигине алып келип, чыныгы муктаждарга дары жетпей калышы мүмкүн.
  2. Гепарин жана Клексан сыяктуу канды суюлтууга жардам берген дарыларды дарыгердин уруксаты жок колдонуу мээге жана ички органдарга терс таасирин тийгизет.
  3. Витаминдерди көп санда ичпеңиз. Себеби боор менен бөйрөктү талкалайт.
  4. Дексаметазон жана преднизолон гормоналдык дарыларын өз билемдик менен ичүүгө тыюу салынат. Алар коронавирустун оор формасында гана колдонулат.
  5. Илдеттин жеңил жана орточо оор формаларында стационарга жатуунун зарылчылыгы жок. Симптомдоруңузду күндөлүккө каттоо менен дарыгерге байкоо кылууга жана дарылоону пландаштырууга жардам бере аласыз.
  6. Маалымат алууну жана таратуунун туура жолун билиңиз. Макаланы текшерилген маалымат булагынан окуп, мүмкүн болсо медиктерге телефон чалып же онлайн кеңеш алыңыз.
  7. Организмге жетиштүү суу ичүү, эс алуу жана толук кандуу тамактануу керек. Ичимдик, тамекиден баш тартыңыз.

Активисттер ооруга эл чогуу туруштук бере аларын белгилеп, жарандарды санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0