Zoom аркылуу лекция окуп жаткан мугалим каза болду. Аргентинадагы окуя

© AFP / OLIVIER DOULIERYZoom тиркеменин логотиби. Архив
Zoom тиркеменин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуучу кыйнала баштаганда студенттер Тез жардам кызматын чакырууга аракет кылышкан, бирок мугалим үйүнүн дарегин айта албай койгон.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Аргентинадагы Де ла Эмпрес университетинин мугалими студенттерге онлайн-лекция окуп жаткан жеринен каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Clarin басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окуя өткөн шаршемби күнү болду. 46 жаштагы Паола де Симоне аттуу мугалим Zoom аркылуу лекция окуп жатып, деми кысыла баштаган. Көп өтпөй эле эс-учун жоготуп, андан соң каза болуп калган.

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны боюнча дагы рекорддук көрсөткүч катталды

Маалыматка караганда, окутуучу кыйнала баштаганда студенттер Тез жардам кызматын чакырууга аракет кылышкан, бирок мугалим үйүнүн дарегин айта албай койгон.

Макалада Паола де Симоне август айынын аягында Twitter баракчасына бир айдан бери өзүнөн коронавирустун белгилерин байкап жүргөнүн жазган.

Аргентинада карантин 20-сентябрга чейин улантылат. Учурда өлкөдө 471 806 адамга вирус жуккан. Алардын ичинен 9 739 бейтап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0