30 килограммга чейин арыктаган. Улгайган аял сыры менен бөлүштү

© AFP / PHILIPPE HUGUENКөчөдө бараткан улгайган аял жана эркек. Архив
Көчөдө бараткан улгайган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улгайып калган аялдын айтымында, буга чейин ал семиз болчу. Ашыкча салмагы аны көп жерден ыңгайсыз абалга кептеп, ден соолугуна да олуттуу зыян алып келе баштаган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. АКШнын Түштүк Каролина штатынын тургуну Мэри Карни 71 жаш курагында 30 килограммга чукул салмак таштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Улгайып калган аялдын айтымында, буга чейин ал семиз болчу. Ашыкча салмагы аны көп жерден ыңгайсыз абалга кептеп, ден соолугуна да олуттуу зыян алып келе баштаган.

Мындан улам 71 жашында ал арыктоону чечип, машыгуунун жыйынтыгында жарым жылда 28 килограммдан арылган.

Өз курагынан өтө жаш көрүнгөн британиялык 53төгү аял арыктоонун сырларын айтты

Пенсияга чыккан аял аны жакшы жыйынтыкка жеткирген эрежелери менен да бөлүшө кеткен. Мэринин айтымында, биринчи кезекте мотивация керек. Ашыкча салмагынан улам ал үй-бүлөсү менен жарытарлык убакыт өткөрө алчу эмес. Экинчиден, кыйналып калбаш үчүн машыгуу планын жана тамак рационун өзүнө ылайыктуу кылып тандаш керек. Соңунда ал көздөгөн максатка жетүү зарылдыгын кошумчалап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0