Трамп: Россия менен ынтымакта болгонубуз жакшы

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүБрифинг президента США Д. Трампа
Брифинг президента США Д. Трампа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп Россия тууралуу сөз болгондо телевизорду өчүрүп саларын айтты. Анткени көпчүлүк сюжеттерде анын Россия бийлиги менен жең ичинен сүйлөшүп алгандыгы тууралуу айыптоолор айтылып келет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Америка президенти Дональд Трамп АКШнын Россия жана башка өлкөлөр менен достук мамиледе болгону жакшы экенин айтты. Бул тууралуу анын Twitter баракчасына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

"Россия менен ынтымакташуу менин колуман келет, бул жакшыбы же жаманбы? Менимче, жакшы нерсе. Чынында башка мамлекеттер менен ынтымакта болуу жаман эмес, жакшы", — деген АКШ лидери.

Ошол эле учурда ал Россия тууралуу сөз болуп жатканда телевизорду өчүрүп саларын кошумчалады. Анткени көпчүлүк сюжеттерде анын Россия бийлиги менен жең ичинен сүйлөшүп алгандыгы тууралуу айыптоолор айтылып келет.

Трамп Кытайды COVID-19дан өлгөндөрдүн санын жашырды деп айыптоодо

Мындай айыптоо Трамптын дарегине жакында эле, тагыраагы, 18-августта, мурдагы мамлекеттик катчы Жон Керри тарабынан айтылды. Аткаминер азыркы президентти "Россиянын аралашуусуна туруштук бере албайт" деп кине койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0