БУУ балдардын жашоосуна эң жагымдуу болгон өлкөнү атады

© AFP / REMKO DE WAALПогода в Амстердаме
Погода в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 41 өлкөдөгү балдардын психикасын жана ден соолугун, академиялык билими жана социалдык көндүмдөрүн байкоого алышкан.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) уюштурган наристелердин жашоосуна жагымдуу өлкөлөрдүн рейтингинде Нидерланддар өлкөсү биринчи сапка чыкты. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

Иликтөөнүн жыйынтыгында Дания экинчи катарга жайгашса, Норвегия үчүнчү орунду ээледи.

Адистер 41 өлкөдөгү балдардын психикасын жана ден соолугун, академиялык билими жана социалдык көндүмдөрүн байкоого алышкан.

Швейцария жана Финляндия төртүнчү жана бешинчи сапты бөлүшкөн.

Бишкек мэриясы калаадагы мыкты мектептерди атады

Нидерланддар ошондой эле балдар өз жашоосуна ыраазы болгон мамлекеттердин тизмесинде да алдыңкы сапта турат.

Балдарга түзүлгөн жагымдуу жашоо көрсөткүчү жогору өлкөлөрдүн катарына Мексика (86 пайыз), Румыния (85 пайыз), Финляндия (84 пайыз), Хорватия (82 пайыз), Швейцария (82 пайыз), Испания (82 пайыз) жана Литва (82 пайыз) өлкөлөрү кирет.

Фонддун иликтөөсүндө төмөнкү көрсөткүч Түркияга таандык. Бул өлкөдө жашоого канааттанган балдар 53 пайызды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0