Пандемия учурунда эң кеңири тараган шылуундук схемалар аталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүТелефон менен колдонуп жаткан маскачан кыз. Архив
Телефон менен колдонуп жаткан маскачан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер бейтааныш адамдар же күмөн жараткан ишканалардын атынан чалганда, ар дайым сак болуп, маалыматты бир нече булактан тактап алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Пандемия учурунда эң кеңири таралган шылуундук схемалардын бири болуп COVID-19дан жабыркагандар үчүн делип акча чогултуу болду. Бул тууралуу ФРтеги Финансылык сабаттуулук боюнча улуттук борбордун адистери РИА Новости агенттигине айтып берген.

Мындан тышкары, коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууга каражат чогултулуп жатат деп элди алдагандар дагы көп болгон.

Аталган борбордун адиси Елена Бобкованын айтымында, жарандарга банктагы эсебине акча түшкөнүн айтып, байланышка чыгуусун талап кылган шылуундар дагы арбын кездешкен.

Жекшенкулов: ыктыярчымын деп мигранттарды алдап акча алгандар кармалууда

"Пандемияга байланыштуу көпчүлүк мамлекеттер өз жарандарына ар кандай жөлөк пулдарды берип жатты. Мындан улам бирөө банк кызматкери болуп чалып, эсебиңизге акча түштү деген кептерге эл оңой ишенүүдө. Ага кайра байланышка чыкканда банктык картасынын номерин сурайт же телефондун балансындагы акчаны "шыпырып" кетишет", — деди Бобкова.

Андыктан адистер бейтааныш адамдар же күмөн жараткан ишканалардын атынан чалганда, ар дайым сак болуп, маалыматты бир нече булактан тактап алууну сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0