Өз курагынан өтө жаш көрүнгөн британиялык 53төгү аял арыктоонун сырларын айтты

CC0 / Pixabay / xusenruАрткы жагынан камерага тартылып жаткан модель. Архив
Арткы жагынан камерага тартылып жаткан модель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хирург жөө басып, сууда сүзө турганын да кошумчалаган. Ал эми дем алыш күндөрү WhatsApp тиркемеси аркылуу достору, курбулары менен YouTube каналындагы машыгуу видеолорун көрүшөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Дайыма жаш көрүнгөн 53 жаштагы аял, Улуу Британияда турган пластикалык хирург Сабрина Шах арыктоонун жана дене түзүлүштү бир калыпта кармап жүрүүнүн сырлары менен бөлүштү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от PerfectEyesLtd™ 👁👁👩🏻‍⚕️ (@drsabrinashahdesai)

Шахтын айтымында, ал коронавирус пандемиясы учурунда семирип кеткен.

"Эртең менен тамактанбай калдым. Мындан сырткары, сүт азыктарынан жана нандан да баш тарткам. Ошондон алты жума өткөндөн кийин төрт килограммга арыктап, мурдагы калыбыма келдим", — деди Шах.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от PerfectEyesLtd™ 👁👁👩🏻‍⚕️ (@drsabrinashahdesai)

Мындан сырткары, хирург жөө басып, сууда сүзө турганын да кошумчалаган. Ал эми дем алыш күндөрү WhatsApp тиркемеси аркылуу достору, курбулары менен YouTube каналындагы машыгуу видеолорун көрүшөт.

"Биз шарап ичип отургандын ордуна дене тарбияны өзүнчө бир иш-чарага айлантып алдык", — деген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от PerfectEyesLtd™ 👁👁👩🏻‍⚕️ (@drsabrinashahdesai)

Шах 42 жашынан бери жылына эки жолу ботокс кылдыра турганын да жашырган эмес. Мындан сырткары, маска, бет майларды да cөзсүз колдонорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0