Түркияда "Ислам мамлекети" тобунун "эмири" кармалганы айтылды

© REUTERS / Murad SezerБезопасность в Стамбуле
Безопасность в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террордук топтун башында турган киши жардырууларды уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоо менен алектенип жүргөн.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында "Ислам мамлекети" террордук тобунун "эмири" камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн ТИМ башчысы Сулейман Сойлуга шилтеме берип жазды.

"Өзүн ИМ тобунун эмири деп атаган киши Түркияда камакка алынды. Анын бул жакта олуттуу пландары болгон. Укук коргоо органдарын куттуктайм", — деп жазган Сойлу Twitter аккаунтуна.

Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду

Сойлу NTV телеканалына маек берип жатып, "эмирдин" аты Махмут Озден экендигин айткан. Министрдин билдиришинче, террордук топтун башчысы жардырууларды уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоо менен алектенип жүргөн. Ошондой эле Түркиянын саясий ишмерлерин уурдап, Сирияга жөнөтүүнү көздөгөнү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0