Окумуштуулар: коронавирустун жашап кетүү мүмкүнчүлүгү күзүндө көбөйөт

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДезинфекция Курского вокзала в Москве
Дезинфекция Курского вокзала в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар коронавирус инфекциясы жылдын ар кайсы мезгилинде кандайча жашап кете аларын аныктаганга далалат кылышкан.

БИШКЕК, 1-cен. — Sputnik. АКШнын Канзас штатындагы университеттин окумуштуулары вирустун жашап кетүүcү жазында жана күзүндө жогору болорун байкашты. Изилдөө bioRxiv аталышындагы илимий басылмага жарыяланды.

Ага ылайык, адистер COVID-19 жылдын ар кайсы мезгилинде кандайча жашарын аныктаганга далалат кылышкан. Натыйжада, жазында жана күзүндө коронавирустун бөлүкчөлөрү түрдүү заттын үстүндө орточо эсеп менен 17 сааттан 30 саатка чейин жашай аларын, ал эми жайкысын эки сааттан беш саатка чейин тирүү болорун билишкен.

Ысыкты тоотпойт экен. Кытайлык академик COVID боюнча жагымсыз жаңылык айтты

Буга байланыштуу адистер алдыдагы сезондо жеке гигиенага өтө жоопкерчиликтүү болуп, буюм-тайымдардын үстүн дезинфекциялап турууга чакырган. Алар санитардык эрежелердин сакталышы оорунун жайылышын алдын алары белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0