Азыркыдан 10 эсе тез тарайт. Индонезияда COVID-19дун жугуштуу штаммы табылды

© AP Photo / Achmad IbrahimЛаборатория кызматкерлери. Архив
Лаборатория кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган штамм D614G деп аталат. Буга чейин Индонезияда катталган эмес. Ал эми ага коңшу Малайзияда август айында табылган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Индонезияда коронавирустун мурдагыдан да тез жуккан штаммы табылды. Ал да ооруну чакырат. Бул тууралуу РИА Новости Jakarta Post басылмасына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, коронавирустун мындай штаммы январда Германияда аныкталып, андан кийин АКШга жайылган.

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 25 миллиондон ашты

Аталган штамм D614G деп аталат. Буга чейин Индонезияда катталган эмес. Ал эми ага коңшу Малайзияда август айында табылган.

Маалым болгондой, D614G штаммы лаборатория шартында Уханда табылган жаңы коронавирустун штаммына салыштырмалуу 10 эсе бат жугат. Ошол эле учурда адамдар арасында анын канчалык тез тарай турганы айтылган эмес. Мындан сырткары, D614G штаммынын олуттуу ооруга алып келер-келбеси белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0