Коронавирус жок Түркмөнстан эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүАвиакомпания Turkmenistan (Туркменистан)
Авиакомпания Turkmenistan (Туркменистан) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматта айтылгандай, Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус оорусу катталбаса дагы жарандар бет кап тагынып, бир катар чектөөлөрдү эске алууга милдеттүү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Түркмөнстан коронавирус инфекциясына байланыштуу эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, 30-августка чейин Ашхабаддан уча турган жана кайра кайткан каттамдар Стамбул, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Минск, Алматы, Франкфурт-на-Майне, Бирмингем, Амритсар, Дели, Дубай, Абу-Даби, Пекин жана Бангкок боюнча токтотулган.

Россиядагы элчилик авиабилеттерди кайсы жерден алса болорун айтты

Сатып алынган билеттер 2021-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу экендиги белгиленет. Ал эми учпай калган рейстердин жүргүнчүлөрү акчаны кайтарып алуу үчүн арыз жазышат же каттамдардын жанданышын күтүшү керек.

Маалыматта айтылгандай, Түркмөнстанда расмий түрдө коронавирус оорусу катталбаса дагы жарандар маска тагынып, бир катар чектөөлөрдү эске алууга милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0