Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек

© AFP / STRСитуация в Китае из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан коронавирус инфекциясынын катуу толкунун баштан өткөрдү. Экинчи мындай кайталанбашын тилек кылуудабыз. Ошентсе да күзүндө оорунун экинчи толкуну болорун, анда көбүнчө балдар жабыркап калышы мүмкүн экенин дарыгерлер коңгуроо кагууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарычысы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев менен коронавирустун балдарга таасири жана Кавасаки синдрому тууралуу маек даярдаган. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев

— Акыркы кезде ата-энелерди тынчсыздандырган Кавасаки синдромунун өзгөчө кооптуулугу эмнеде?

— Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү. Алыскы Америкада, Европада жана коңшу Казакстанда Кавасаки синдрому менен ооруган балдар катталып жатат. Кыргызстанда азырынча жок. Ошентсе да пандемия башталганда эле дарыгерлер кеңешип, кооптуу жагдайдагы бир нече топту аныктаганбыз. Көбүнчө ал жүрөк-кан тамыр жана кан оорулары менен жабыркагандар үчүн кооптуу. Себеби кан ооруларына тушуккан балдар ансыз да анемия менен жабыркашат, мындан улам иммунитети алсыз. Өнөкөт оорусу бар балдарга жана ар кандай операцияны баштан өткөргөн наристелерге да коркунуч күч.

— Баланын Кавасаки синдромуна кабылганын кантип билүүгө болот? Белгилери кандай?

— Бул илдет адамдын терисинен да байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек. Азыркы тапта биздин жумушчу топ бул ооруну кантип аныктап, кандай изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин жана аны дарылоо жолдорунун клиникалык протоколун иштеп чыкты. Жакында ал Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилип, үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылат. Ата-энелер паникага алдырбай, өз убагында баланы ооруканага алып келүүсү керек.

Күндө окушат! 1-класска барчу балдардын ата-энелери үчүн 10 суроого жооп

— Жакында бала бакчалар иштеп, 1-класстар мектепке бара баштайт. Бул жаатта билим берүү мекемелери менен бирге коопсуздук чараларын да көрдүңүздөрбү?

— Бала бакчалардын жана мектептердин иштеши менен жугуштуу оорунун индекси көтөрүлүшү мүмкүн. Ошол себептен өздүк гигиена эрежелеринин сакталышын ар бир ата-эне жана тарбиячы көзөмөлдөшү керек. Балдарга колду самындап жууп турууну, аралыкты сактоону жана антисептик колдонууну үйрөтүү зарыл. Азыр бир бөлмөдө көп балдарды топтогонго болбойт. Бакча тайпаларында балдардын саны абдан көп. Ошондой эле тарбиячылар коронавирустун жана Кавасаки синдромунун белгилерин окуп-билиши керек. Оорунун симптомдору байкалса медицина кызматкерлерине кабар бериши абзел. Азыр, тилекке каршы, бала бакчаларда медкызматкерлер жокко эсе. Ооруп жаткан балдарды бакчага же мектепке киргизбей көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Мында ата-эненин жоопкерчилиги да маанилүү. Коомдук тартип болмоюнча бул ооруну жалаң эле медиктер жеңе албайбыз. Эпидемиологиялык кырдаалды кылдат көзөмөлгө алышыбыз керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыбек Узакбаев: коронавирустун экинчи толкунунда инфекцияга балдар көп кабылышы мүмкүн
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек - Sputnik Кыргызстан
Камчыбек Узакбаев: коронавирустун экинчи толкунунда инфекцияга балдар көп кабылышы мүмкүн

— Чет мамлекеттерде коронавирустун балдарда жайылышы күч алды деген кооптуу маалыматтар чыгууда. Сиздердин байкоо кандай?

— Коронавирус адамдын жашын сурабайт. Бул жугуштуу инфекция менен бизде 600дөй бала ооруду. Анализдеп көрсөк, ооруган балдардын 90 пайызында илдет жеңил өттү. Анын ичинен беш пайызы орто деңгээлдеги жана эки пайызы оор түрүнө кабылды. Бирок биз муну менен өзүбүздү алдабашыбыз керек. Учурда экинчи толкун келе жатат деп божомолдоодобуз. Бул жолу оору балдар арасында көбүрөөк болушу мүмкүндүгү айтылууда. Биз ошого даярданышыбыз зарыл. Ал иммунитети начар, көйгөйлүү оорулар менен жабыркаган балдар үчүн көбүрөөк кооптуу.

Кавасаки синдромун кошуп. Казакстан COVID жуктурган балдарга өзүнчө протокол даярдады

— Коронавирустун экинчи толкуну балдарды көбүрөөк жабыркатары тууралуу маалымат кайдан келип жатат? Себеби буга ата-энелер да өтө тынчсызданууда...

— Ата-энелердин тынчсызданганы жөндүү. Былтыркы жылдын статистикасын карасак, күздөгү мезгилдик грипп менен 31 миң адам ооруган, анын 29 миңи балдар болчу. Мындан улам коронавирустун экинчи толкунунда инфекцияга балдар көп кабылышы мүмкүн деген тыянак чыгардык. Биз буга даяр болушубуз керек. Учурда балдардагы күзгү-кышкы вирустун алдын алуу иштери жүрүүдө. Андан тышкары, чет мамлекеттерде коронавирус чакырган Кавасаки синдромунун балдар арасында пайда болгондугу тууралуу маалыматтар да чыгууда.

— Кавасаки менен күрөшүүгө биздин медиктер даярбы? Тажрыйба жок да...

— Биз дүйнөлүк тенденцияны дайыма анализдеп турабыз. Ал оорулар эртеби-кечпи, бизге келерин билебиз. Ошол себептен биз Кавасаки синдрому боюнча атайын жумушчу топ түзгөнбүз. Анын жыйынтыгында педиатрларга, үй-бүлөлүк дарыгерлерге керектүү методикалык жардамдарды берип, протоколдорду даярдап койдук.

Жаңылыктар түрмөгү
0