Махатма Гандинин көз айнеги аукциондо 340 миң долларга сатылды

© AP PhotoИндийский политический и общественный деятель Махатма Ганди
Индийский политический и общественный деятель Махатма Ганди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
East Bristol Auctions аукцион үйүнүн өкүлү Эндрю Стоувдун айтымында, мындай баалуу буюм алардын мекемесинин тарыхында биринчи ирет соодаланып жатат.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидери, саясатчы Махатма Гандинин көз айнеги East Bristol Auctions үйүндө өткөн аукциондо 340 миң долларга (26,6 миллион сом) сатылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы маалымдад. 

Ага ылайык, көз айнекти сатыкка аны агасынан алган киши койгон. Сатуучунун тууганы 1910-1930-жылдары Түштүк Африкада иштеген. Ошол учурда Ганди да аталган мамлекетте болгону айтылды.

​"Сатыкка койгон киши бул буюмдун канчалык баалуу экенин түшүнгөн эмес окшойт. Көз айнекти конвертке салып, ага "бул көз айнек Гандиге таандык, мага чалгыла" деп гана жазып, аукцион үйдүн почтасына таштап кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Башында аталган буюмдун баасы азыркы нарктан 17 эсе арзан болчу. East Bristol Auctions аукцион үйүнүн өкүлү Эндрю Стоувдун айтымында, мындай баалуу буюм алардын мекемесинин тарыхында биринчи ирет сатылып жатат.

Дүйнөлүк рекорд. Шотландияда кочкор 490 миңден ашык долларга сатылды. Видео

Мохандас Карамчанд Ганди — Индиянын улуттук боштондук кыймылынын башкы идеологу. Индиялыктарды эзгендерге күч менен эмес, идея менен күрөшүүгө чакырган. Анын зомбулуксуз күрөшүнүн ыкмасы — тынчтык жүрүштөрү жана моюн сунбоо акциялары болгон. Бул Британиянын колониясынан бошонууга миллиондогон индиялыктарга дем берген.

Гандини 1948-жылы 30-январда радикал-улутчул Натхурам Годзе өлтүргөн. Ал Гандинин саясатын сындап, мусулман элдин пайдасына индуисттердин кызыкчылыгын курмандыкка чалган деген. Годзе кандуу кадамынан кийин өлүм жазасына тартылып, өкүм 1949-жылдын ноябрь айында аткарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0