Рактан, аллергиядан сактайт. Сакал коюп жүрүүнүн пайдалуу жактары саналды

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный айт-намаз в Бишкеке
Праздничный айт-намаз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тери адиси сакалды таза кармап, туура кам көрбөсө толгон-токой бактерияны үйүп аларын кошумчалаган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Сакал коюп жүрүү адамдын ден соолугун сактоодо маанилүү роль ойной турганын РИА Новости жогорку категориядагы дерматовенеролог, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Козловага таянып жазды.

Анын айтымында, сакал кандайдыр бир себеп же саркечтик үчүн гана коюлбастан, териге дагы өзүнүн оң таасирин тийгизет.

"Бетте сакал менен түктүн болушу теринин нукура майларын сактаганга жардам берип, нымдаштырып турат. Ошондой эле ультрафиолет нурлануусунан коргоп, бул өз кезегинде рак оорусун алдын алат. Мындан сырткары, аллергиядан алыс кылат. Себеби сырткы чөйрөдөгү ар кандай нерселердин мурун аркылуу киришине тоскоолдук жаратып, фильтр сыяктуу тосуп турат", — деген Козлова.

Адис сакал сууктан дагы коргой аларын кошумчалаган. Бул терини гана эмес, тиш жана бүйлөнү дагы сактайт.

Остинде саксайган сакал-мурут койгондордун чемпионаты өттү. Видео

Андан сырткары, Козлова сакал коюп жүргөндөр азыраак кырынгандыктан, тагыраагы, тери анчейин жаракат албайт. Мындан улам безетки сымал исиркектер болбойт.

Бирок адис сакалды таза кармап, туура кам көрүү керектигин белгилеген. Болбосо ден соолукту сактабай эле толгон-токой бактерияны үйүп аларын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0