Кооптонтуп, ойлонтуп. COVID-19дун миллиондогон адамдын психикасын бузганы айтылды

© REUTERS / STEPHANE MAHEСитуация во Франции по случаю коронавируса
Ситуация во Франции по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияда миллиардга жакын адам аң-сезими бузулуп, жабыр тартса, калктын аз бөлүгүнө гана сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүү болгон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы планетадагы миллиондогон адамдардын аң-сезимине тескери таасир тийгизди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Иш чаранын видеосу уюмдун YouTube каналындагы баракчасына чыгарылды.

"COVID-19 миллиондогон адамдарда тынчсыздануу, коркуу сезимин жаратуу жана психикалык саламаттык боюнча кызматтарды үзгүлтүккө учуратуу жагынан таасир эткен", —  деп белгилеген ал.

ДССУнун башчысы мындай кырдаалга көптөгөн өлкөлөрдө киргизилген чектөө чаралары, мындан улам адамдардын өз ара карым-катышынын жоктугу себеп болду деген пикирде.

Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкө аталды

Гебрейесус белгилегендей, миллиардга жакын адамдын аң-сезими бузулуп, жабыр тартса, калктын аз бөлүгүнө гана сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0