Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкө аталды

© REUTERS / HENRY NICHOLLSЛондондун көчөсүндө бараткан маскачан адам. Архив
Лондондун көчөсүндө бараткан маскачан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмундагы 37 мамлекеттин экономикасы биринчи кварталга салыштырмалуу экинчи кварталда 9,8 пайызга түшүп кеткен.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму экономикасы өнүккөн мамлекеттердин ичинен коронавирус пандемиясынан Улуу Британия көбүрөөк жапа чеккенин аныктады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Британиянын ИДПсынын көлөмү ушул жылдын экинчи кварталында 20,4 пайызга чейин кыскарган. Ошол эле учурда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмундагы 37 мамлекеттин экономикасы биринчи кварталга салыштырмалуу 9,8 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

Экономика министри: Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү кыскарды

BBC News кабарлагандай, Улуу Британиянын экономикасы буга чейин мынчалык жапа чеккен эмес.

Серепчилер экономиканын кескин түшүп кетүүсүнө коронавирустан улам киргизилген чектөө чаралары себеп болду деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0