Окумуштуулар: донордун канын куюу инсультту дарылоого жардам берет

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирский клинический центр крови
Новосибирский клинический центр крови - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер адам менен чычкан инсульт алганда бирдей өзгөрүүгө дуушар болорун аныктап, эксперимент үчүн 300дөн ашуун сүт эмүүчү жаныбарды колдонушкан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Америкалык биологдор чычкандарды эксперимент үчүн колдонуп, донордун канын куюу инсультту дарылоого жардам берерин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу РИА Новости жазды.

Макалада дүйнөдөгү өлүм көрсөткүчүнүн негизги себептеринин бири инсульт экендиги айтылат. Аталган илдетте кан айлануу бузулуп, мээге кан куюлуп кетет же кан тамырлары бүтөлүп (тромбоз) калат. Аны дарылоодо атайын терапия өткөрүлүп, кээде кандын уюганын операция менен алып салышат. Ал эми дары-дармектердин бардыгы эле инсульт менен күрөшө албайт.

Белдин ичкелиги, кан басым... Ден соолуктун бекемдигинен кабар берчү белгилер

Батыш Виргиния университетинин окумуштуу-медиктери мээнин ортоңку тамырынан инсульт алган 333 чычканга соо чычкандын канын куюп көрүп, бул системалык реакцияны төмөндөтө аларын аныкташкан.

Окумуштуулардын айтымында, мындай кан алмашуу учурунда MMP-9 белогу төмөндөйт. Бул зат инсульт алган учурда көтөрүлүп кетип, адам менен чычкандын абалын оорлоштурат.

Иликтөөнүн авторлору алардын эмгеги инсульт алгандарды дарылоодо жаңы ыкма ойлоп табууга жардам берет деп ишенерин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0