Эл үчүн эмес, болгону саясат: Түркияга газдын ачык кени эмне берет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүГазопроводдун деңиз участогун курулушу. Архив
Газопроводдун деңиз участогун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы эранын башталышы", "бул өлкөнү энергетика жактан көз карандысыз кылат", "тарыхый ирмем"... Түркия Кара деңизде табылган газ кени туурасында кабарды болушунча жар салды.

Бул бир караганда бар, бир караганда жок нерсе. Аны казуу деле жакын арада боло койбойт.

80 миллиард долларлык үч жүз жыйырма миллиард куб метр газ деген бир топ эле олуттуу угулат. Аналитиктер көгүлтүр оттун кени Кара деңизде табылганы боюнча Анкаранын кабарынан кийин макроэкономикалык божомол жасап, бааларын бере баштады.

Продукция Түркиянын муктаждыгын жабабы же аймактык деңгээлде экспортко да чыгышы мүмкүнбү деген талкуулар болду. Кимдир-бирөөлөр "Түрк агымы" боюнча да кооптонуусун айтып жиберди, дагы бири аны сордуруп алуунун баасы канчага чыгарын түкшүмөлдөдү.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Бул иш жүзүнө келгенде такыр башкача экен, негизи бардык бүтүмдү өлкөнүн ичиндеги окуяларга карата жасаш керек. Sözcü басылмасындагы макаланын автору Рахми Турандын айтымында, өлкөдө саясий салт калыптанып калган. Шайлоо алдында мунай заты же газ табылганы туурасында көбүртүп-жабыртып элге жар салынарын айтты.

Жакынкысы 2023-жылга пландалган. Мындай караганда пиар-кампания үчүн эртедей сезилет. Бирок дал ушул учурда бийлик казууну баштайт. Ал эми үч жылдан кийин макаланын аталыштары мындан да башкача таасирдүү болуп чыга келет.

Түркия учурда көгүлтүр от жаатында чет жактарга толугу менен көз каранды жана электоратты добуш берүүнүн алдында үмүттөндүрүү оңой иш эмес. Бул өлкөдөгү бардык экономикалык көйгөйлөрдү чечип салгандай эле көрүнөт.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Sözcü муну менен макул эмес: биринчиден, үч жылдын ичинде эле республика бардык процесстерди — казуу жана кайра иштетүүнү жайгарып жибере албайт. Экинчиден, жакынкы жети жылда өндүрүштүн көлөмү жылына 80-10 миллиард куб метрге жетип турушу зарыл. Ал эми бул Түркиянын муктаждыгынын бешинчи гана бөлүгү. Автордун пикиринде, эгерде толугу менен энергетикалык көз карандылык жарала турган болсо, ал деле жакында келбеши мүмкүн.

Адилет жана өнүгүү партиясынын бийликтеги 18 жылында түркиялыктар табылган мунай туурасындагы кабарга тогуз ирет катуу кубанган. Бирок кезектеги добуш берүүдөн соң эмнегедир баары унутулуп калчу. Ал эми углеводороддук шайлоо алдындагы салт өтө көп убакыт мурда түптөлгөн. Кеминде 65 жыл илгери болгон, анда Демократиялык партиянын лидери Аднан Мендерес эле.

Россия айткан сөзүнө турат. "Түрк агымынын" ачылышы буга ачык далил

Ошол мезгилде гезиттердеги жаңылыктар "Фракияда кору көп мунай кени табылды!" деп аталган. Анткен менен бул чуулуу "жаңы эранын башталышы" жана республиканын энергетикалык көз карандылыгынын кепилдиги болуп калдыбы? Албетте, жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0