"Штабын жайылтууда": АКШ армиясы Европанын түштүгүндө эмне даярдап жатат?

© Staff Sgt. Corinna BaltosПольшадага АКШнын аскер кызматкерлери. Архив
Польшадага АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ РФтин чек арасында аскерин көбөйтүүдө. Мамкатчы Майк Помпео жана Польшанын улуттук коргоо министри Мариуш Блащак кол койгон келишимге ылайык, Пентагон аталган өлкөгө кошумча миң жоокер, ошондой эле Кургактагы күчтөрдүн Бешинчи корпусунун командачылыгын жайгаштырат.

Вашингтондо мунун жалгыз максаты — европалык багытта Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө экенин жашырышпайт. Аймактагы күчтөрдүн балансынын өзгөрүшү жөнүндөгү макала РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Россияга каршы туруштук берүү

Варшавага аскердик жардамды Вашингтондон биринчи ирет сурап турган жери жок. 2018-жылдын аягынан бери Польша АКШга өлкөсүндө америкалык бронетанкалык бригаданы жайгаштырууну сунуштап, бир жарым-эки миллиард доллар чыгымды өзүнө алууга даярдыгын билдирген.

Жо Байден АКШ экономикасын кыйратууну убадалоодо. Арты кандай болот?

Ал тургай, президент Анжей Дуда жаңы базага "Форт Трамп" деген аталышты ойлоп тапты. АКШ лидери да Варшаванын лоялдуулугунан шек санабаган көрүнөт. Ал эми улуттук коргоо министри Мариуш Блащак жаңы базанын ачылышын чечилген маселе деп кабарлады. Эске салсак, Польшада ансыз да ротациялык негизде төрт жарым миң чакты штыктан турган америкалык аскердик контингент түзүлгөн. Бирок расмий Варшавага бул аздык кылат.

Себеби былтыр польшалык саясатчылар жана маалымат каражаттары ФРГ эмес, дал алардын мамлекети АКШ күчтөрүнүн Европадагы негизги базасы болушу кажет экенин кайталап келишкен. Чыгышка тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу жөнүндө да кеп жүргөн. Бул "агрессивдүү Россия" үчүн зарыл имиш.

Натыйжада Германиядан жакында 12 миң америкалык жоокер жана офицер чыгат. Жарымына жакыны АКШга кайтат, калганы бөлөк европалык өлкөлөргө, анын ичинде Польшага жайгаштырылат. Ал жакка бронетанкалык бригаданы жөнөтүүнү ашыкча деп чечкендиктен, Форт Трамп кагазда калды. Ошентсе да, мындай бекемдөө кыйла жүйөлүү.

"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?

Куралдуу күчтөр жана инфраструктура

Варшава жана Вашингтондун ортосундагы келишимде аскердик күчтөрдү гана эмес, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн жана аскердик даярдыктын борборунун алдыңкы командалык-штабдык инфраструктурасын жайылтуу да каралат. Андан тышкары, армиялык жана транспорттук авиациянын бөлүктөрү, учкучсуз учуучу аппараттар, атайын операциялык күчтөр, ошондой эле колдоо элементтери жана тылдык камсыздоо үчүн шарттарды түзүү боюнча да камтылат. Россиялык дипломаттар бул боюнча бушаймандыгын эчак билдиришкен.

"Америкалык аскердик күчтөрдү жайылтуу коопсуздук көйгөйлөрүн чечпей турганына кайрадан көңүл бурабыз, — деп билдирет Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова. — Тескерисинче, бул батыш чек араларыбыздагы ансыз да жөнөкөй эмес кырдаалды тереңдетип, алдын ала пландалбаган инциденттер тобокелдигин жогорулатып, чыңалуунун өсүшүнө түрткү болот.

Россиянын батыш чек арасындагы чыңалуу. АКШ Польшага эмнеге аскер жөнөтүүдө

НАТОдо бекемдөө анчалык чоң көлөмдө эмес жана ротациялык мүнөзгө ээ экенине ынандырышууда. Бирок бул – чындыкты бурмалоо аракети. Жаңы келишимди жүзөгө ашыруу АКШнын Польшадагы чабуулдук дараметин сапаттуу күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет".

Сенатор Алексей Пушков Польшага күчтөрдү жайгаштыруу боюнча АКШнын пландары Россия менен НАТОнун негиз салуучу актын кезектеги бузганы деп атады. Бул документ түндүк атлантикалык альянска НАТОго 1997-жылдан кийин кошулган чыгыш европалык өлкөлөрдүн аймагында куралдуу күчтөрдүн санын көбөйтүүгө тыюу салат.

Белгилүү болгондой, Польша батыш аскердик блогуна 1999-жылы кошулган. Ошентсе да 2014-жылы америкалыктар көп учурда негиз салуучу актыны көз жаздымда калтырып, россиялык чек араларга күчтөрдү жана аскердик инфраструктураны методикалык түрдө тартат.

Каршы чыккан чехтер

Америкалыктар башка варианттарды да карашкан. Бирок союздаштардын баары эле океан ар жагындагы меймандарды кабылдагысы жок. Ошентип, августтун ортосунда Чехиянын премьери Андрей Бабиш Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугардын алдында Прага өлкө аймагына америкалык аскерлердин жайгашуусуна себеп көрбөгөнүн билдирген. Анын айтымында, кошумча күчтөрдү алып келүүнүн эч кандай мааниси жок.

"Буга таң калган жокмун, — деп билдирди ал Sputnik радиосунун эфиринде РГГУ доценти, тарыхый илимдердин кандидаты Вадим Трухачев. — 2000-жылдардын ортосунда эле Чехияда америкалык Абадан коргонуу системасынын объектилерин жайгаштыруу маселеси каралып келген. Дээрлик калктын төрттөн үч бөлүгү кескин түрдө каршы чыккан.

Ошол окуяларды эске салган, коомдук пикирдеги колдоону жоготпоого умтулган Бабиш ушундай билдирүү жасады. Чехиянын аймагындагы америкалык аскердик база туурасындагы демилге анчалык популярдуу эмес, саясатчылар ушуну түзөтүүгө ниеткер. Өлкө парламентиндеги тогуз партиянын кеминде бешөө каршы чыгарын боолголоого болот".

Серепчи Чехияда бир убакта – 1938-1939-жылдары өлкөнүн тагдыры өзү катышпастан сыртынан чечилишин эске салат. Чехтердин көпчүлүгү өз жеринде чет элдик аскерлер, анын ичинде америкалык күчтөрдүн жайгашуусун каалабайт.

АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

Германияга болгон таарыныч

Дональд Трамп Пентагонго июнда Германиядан америкалык аскердик контингенттин бөлүктөрүн чыгаруу планын иштеп чыгууну буюрган. Ачык түшүндүрмө жок, бирок көптөгөн эксперттер Вашингтон Берлинге катуу таарынганын белгилешет. Бул республика НАТОнун алкагында коргоо чыгымдарын ИДПнын эки пайызга чейин жогорулатуу талаптарынан баш тартып келген.

Союздаштардын мамилесине өзгөчө бүлгүндү мурдагы америкалык элчи Ричард Гренелл салып кетти. Ал "Түндүк агым – 2" газ түтүгүн курууга катышкандыгы үчүн опузалаган. Ошону менен бирге эле ирандык өзөктүк келишим боюнча Германиянын көз карашын сындаган. Берлинде дипломаттын пикирин мамлекеттин эгемен саясатына кийлигишүү катары баалаган.

Дүйнө элинин кызыкчылыгы үчүн. АКШ аскерлеринин Германиядан чыгарылышына сереп

Июлдун аягында Трамп "Твиттерге": "Германия энергия үчүн Россияга жылына миллиарддаган доллар төлөйт. Ал эми биз Германияны Россиядан коргоого тийишпиз. Эмне деген иш?", - деп жазган.

Ошентип, америкалык президент "Кремлдин агрессиясын ооздуктоо" үчүн АКШнын НАТОнун чыгыш чек араларында аскерлерди көбөйтүүнүн акылга сыйбастыгын өзүнөн өзү ачыктап алды. Эгер Россия альянстын өлкөлөрүнө согуш жарыяласа, анда Европада мунай менен газды кимге сатышат?

Жаңылыктар түрмөгү
0