Жо Байден АКШ экономикасын кыйратууну убадалоодо. Арты кандай болот?

© REUTERS / KEVIN LAMARQUEАКШнын мурунку вице-президенти Жо Байден. Архив
АКШнын мурунку вице-президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык маалымат каражаттары Жо Байдендин ABC телеканалына жакында эле берген маегинде көрсөткөн чечкиндүүлүгү менен катуу принципиалдуулугун кубаттап турган чагы.

Басма сөздү кубандырууга Байдендин эпидемия улана бере турган болсо экономикалык активдүүлүктү толук чектөө менен дагы бир ирет катаал жалпы улуттук карантин киргизүүгө билдирген ниети себеп болгон. Саясатчынын бул билдирүүсү алдыдагы шайлоодо атаандашы, учурдагы президент Трамптын көз карашына карама-каршы келет. Дал ушул жагдай тууралуу Иван Данилов ой жүгүрткөн. 

Мындай көз караштын кесепетин түшүнүү үчүн коронавирус Европа биримдигинде, Россия, Бангладеш же Кытайда эң оболу эпидемиологиялык маселе болсо, АКШда гана бул өтө саясий мүнөздөгү маселе экенин эске алуу керек.

Трамптын талапкерлиги президенттик экинчи мөөнөткө расмий сунушталды

Politico басылмасы: "Президенттикке демократтардан сунушталган талапкер Жо Байден өлкө ичинде коронавирустун таралышын ооздуктоо үчүн "баарын" жасай турганын, ал түгүл, зарыл болсо АКШ экономикасын бөгөттөөгө да барарын билдирди. "Аны (экономиканы – ред. тактоосу) токтотмокмун. Окумуштуулардын пикирин тыңдамакмын, — деди Байден ABC телеканалынын кабарчысы Дэвид Мьюирге шайлоодогу шериги, ошону менен бирге эле вице-президенттикке талапкер, сенатор Камала Харрис менен биргеликте курган маегинде. — Өмүрлөрдү сактап калуу үчүн мүмкүн болгон нерселердин баарын жасайбыз". АКШда 175 миңден кем эмес кишинин өмүрүн алган вирустун жайылышын токтотуп калуу үчүн Демократиялык партиядан президенттикке талапкер сунуштай турган эң катуу потенциалдуу чара экенин көрсөтөт", — деп жазды.

Жалпы Демократиялык партия жана жеке Байден шайлоочуларга өздөрүн коронавирустун айыгышкыс, Кошмо Штаттарда эпидемияны токтотуу үчүн эң кескин чараларга барууга даяр күрөшчүлөрү катарында көрсөтүү далалатында. Алар бул менен азыркы президент Трамп администрациянын экономикалык чектөөлөрдү улантууга, америкалыктарды үйдөн чыгууга тыюу салып, камакка алабыз деп коркута бет кап тагынууга мажбурлоого баргысы келбегендиктен, канча кишинин убалына калганына, алардын каны ушул бийликтин колунда экенине басым жасоого аракет кылышууда.

АКШнын Демократиялык партия тарабынан көзөмөлдөнгөн аймактарында кээде бийликтин алаңгазардыгы акылга сыйбай баратат. Маселен, Лос-Анджелесте жергиликтүү мэрия үйдө өткөрүлгөн кечелерге тыюу гана салбастан (башкача айтканда, адамдардын чогулуу жана эркин жүрүүсүнө болгон конституциялык укугун реалдуу түрдө чектеп койгон), мындай чектөөлөрдүн чегинен чыккандардын үйлөрүндө электр жарыгын, суу жана канализациясын өчүрүүгө чейин барууда.

Бийликти өткөрүп берүү. Тихановская АКШнын мамкатчысынын өкүлү менен жолукту

Планетанын америкалык маалыматтык талаадан тыш жашаган тургундарына мындай абалды түшүнүү кыйындыр. Бирок америкалык маалымат каражаттары (Трампка каршы иштеген жана индустриялык масштабда карапайым адамдардын аң-сезимин аңтар-теңтер кылчу нерселерге сугарган басма сөз) өз көздөгөнүнө жетпей койбоду. Мисалы, Franklin Templeton каржылык компаниясы эпидемия боюнча коомдук пикирди аныктоо үчүн атайын сурамжылоого буюртма берген. Анын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бүтүмдөргө келген: " COVID-19дан, же илдетке кабылса анын оор кесепеттеринен чочулагандардын үлүшү 25-64 жаштагылар арасында дээрлик бирдей. Бул көрсөткүч 65 жаштан өйдөңкү чочулаган респонденттерден анчалык деле төмөн эмес.

Өлүм боюнча иш жүзүндөгү маалыматтардын шайкеш келбегени таң калтырат: 18-24 жаштагы санаага алдырган адамдардын үлүшү коронавирустан көз жумган адамдардын жалпы санынан 400 эсе жогору. 25-34 жаштагылар арасында 90 эсе көп".

Муну кадыресе этияттык деп эсептөөгө болот, бирок бир жагдай бар: вирустан чочулаган ошол эле адамдар жеке гигиенаны сактап, бет кап тагынгысы жок. Анткен менен мектеп, бизнес, мамлекеттик мекемелердин жабылышын жана дегеле толук коопсуздукка жетчү мезгилге чейин кадимки турмушту чексиз чектөөнү жактайт экен. Franklin Templeton сурамжылоосу аныктагандай, мындай абал социалдык медианын активдүү колдонуучулары жана антитрамптык маалымат каражаттарынын аудиториясынын арасында байкалат. Дал ушуну көзгө кармоо менен Байден шайлоодон утуп чыккандан кийин экономиканы токтотууга даяр экенин билдирди. Бирок андай аракет экономиканы кыйратары турулуу иш. "Бүт өлкөгө бөгөт коюу ИДПны ай сайын үч пайызга кемитет, ошондуктан планетанын чириген байлары да эки же үч ай толук бөгөттөөнү көтөрө албайт", — деген америкалык CNBC телеканалына берген маегинде UBS швейцариялык банкынын азия-тынч океандык аймактын акциялар бөлүмүнүн башчысы Хартмут Иссель.

Тажикстан: жалгыз оппозициялык партиянын лидери президенттик шайлоодон баш тартты

Эпидемия менен күрөштү мынчалык саясатташтырбаган жана аны шайлоо кампаниясынын маселесине айлантпаган өлкөлөрдө кырдаал жүйөлүү кабылданууда: эми экономиканы толук тоңдурууга болбойт. Дал ушундай пикирди Улуу Британиянын экс-премьери Тони Блэр, Siemens ишканасынын жетекчиси Жо Козер жана Франциянын премьер-министри Жан Кастекс өңдүү бир топ саясатчы, бизнес өкүлдөрү билдирген.

Бул багытта АКШ эч айырмаланбайт, ал түгүл абдан начар абалда. The New York Post билдиргендей, "Нью-Йорктун ач тургундары бекер таратылган тамак үчүн Квинсте чейрек чакырымга чейин кезек күтүп турушат".

Белгилүү экономист жана Allianz камсыздандыруучу гигантынын экономикалык маселелер боюнча башкы кеңешчиси Мохаммед Эль-Эриан "чакан бизнести коронавирус менен талкалоо АКШдагы капитализмге коркунуч туудурат" деп эсептейт. CNBC каржылык телеканалы таянган расмий мамлекеттик баалар боюнча, "АКШ калкынын (улуу муундагы) дээрлик жарымы — жумушсуз".

Ушундай жагдайда Жо Байден, тагыраак, анын саясий технологдору коронавирус менен шайлоочулардын жүрөгүнүн үшүн алып, аларды өз тарабына оодаруу үчүн катуу экономикалык чектөөлөрдү убада кылууда.

Eurasia Group эл аралык саясий консалтингдик компаниясынын ээси Ян Бремер адилеттүү белгилегендей, электораттын Байденге караганда Трампка ишенген жалгыз маселе — экономика. Байдендин мындай билдирүүсү азыркы президентке кошумча мүмкүнчүлүктөрдү бериши мүмкүн. Анда америкалык экономика дагы бир толук карантинге (анын канчалык кыскалыгына карабай) кантип туруштук беришине күбө боло албай калабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0