ЖМК: Батышта мектептер коронавирустун тараган очогу болууда

© AFP / INA FASSBENDERСитуация в Германии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Германии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирустун мектеп ачылгандан кийин АКШнын бир катар штаттары менен Израилде да көбөйгөнү айтылууда.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Германияда мектептер коронавирустун таралуу очогу болуп жаткандыгын BBC жазды.

Аталган өлкөдө балдар эки апта мурда мектептерге кайтып келип, окуу башталган. Бийликтин маалыматына таянсак, акыркы он төрт күндө Берлин шаарындагы 825 мектептин арасынан 41инде оору чыккан учурлар катталган.

Окуучулар жашына карабай — башталгыч класстан тарта бүтүрүүчүлөргө чейин тумоолошкон. Жүздөгөн окуучулар менен мугалимдер карантинге жиберилген.

COVID: Европа кайрадан чектөөлөрдү киргизе баштады

Францияда билим берүү жайлары бир аптадан кийин иштей баштайт. 11 жаштан өйдө курактагы балдар мектептин аймагында сөзсүз бет капчан жүрүшү керек деген эреже киргизилди.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 12 жаштан өйдө балдар жашаган аймагындагы эрежеге ылайык чоңдор сыяктуу эле бет кап кийиши керектигин эскертти. Аталган уюм өспүрүмдөр да кээ бир чоңдор сымал вирусту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүндүгүн айтууда.

Ал эми беш жашка чейинки бөбөктөргө коомдук жайларда, учактын ичинде беп кийгизүүнүн кереги жок. 6-12 жаштагы балдар боюнча чечимди авиакомпания өзү кабыл алары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0