Таиланд: 72 түрмөнү туристтик аттракционго айлантуу пландалып жатат

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таиланд
Страны мира. Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор жазасын өтөп жаткандарды кадимки жашоого кайтарууга даярдоону жана абак мекемелеринин идимжин өзгөртүүнү көздөп ишке ашырылган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Таиланддын Жаза аткаруу министрлиги өлкө боюнча 72 абакты туристтик аймакка айлантууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости Bangkok Post басылмасына шилтеме берип жазды.

Өлкөнүн юстиция министри Сомсак Тхепсутиндин айтымында, ал жактарда "шеф-повар жана барлар" үчүн кулинардык конкурстар өтүп, жаңы ачылган дүкөндөн кардарлар абактагылардын колунан чыккан буюмдарды ала алат.

АКШда өлүм жазасынын ишке ашырылышын 11 жыл күткөн киши өз жанын кыйды

"Бул план ушул тапта беш абакта ишке ашырылып жатат. Көңүл ачуунун ар кандай түрлөрү сыноодон өттү. Маселен, "темир тор артындагы ашпозчулар" деген бар. Ал кесипти жайылтууну, жазасын өтөп жаткандарды кадимки жашоого кайтарууга даярдоону жана абак мекемесинин идимжин өзгөртүүнү көздөйт", — деген Тхепсутин.

Долбоор 2021-жылга чейин кеңейтилери айтылат. Жалпысынан 72 абак жайлары же өлкө боюнча 143 түрмөнүн жарымы туристтерди кабыл алмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0