Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчу иш учурунда. Архив
Өрт өчүрүүчу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын нефть жана минералдык ресурстар министри Али Ганем өлкөнүн түштүк аймагын көгүлтүр от менен камсыздаган газ куурундагы жарылуу террордук акт болушу мүмкүн экенин божомолдоодо.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Сирия мамлекети толугу менен электр кубатысыз калды. Бул тууралуу ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Дамаск провинциясындагы "Араб" газ куурундагы жарылуу бүтүндөй өлкөнү электр кубаты жок калтырды. Нефть жана минералдык ресурстар министри Али Ганем өлкөнүн түштүк аймагын көгүлтүр от менен камсыздаган газ куурундагы жарылуу террордук акт болушу мүмкүн экенин айтууда", — деп жазылган кабарда.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Маалыматка караганда, жарылуудан улам үч станция иштен чыккан. Учурда аларды калыбына келтирүү иштери башталды.

Жабыркагандар боюнча маалымат жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0