Адамзат COVID-19ду качан жеңет? ДССУ башчысынын билдирүүсү

© REUTERS / Denis BalibouseГлава Всемирной организации здравоохранения Тедрос Адханом Гебрейесус
Глава Всемирной организации здравоохранения Тедрос Адханом Гебрейесус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы менен XX кылымдын башында болгон испан тумоосун салыштырып, COVID-19ду жеңип чыгууда ааламдашуу, жаңы технологиялардын оң жана терс жактарын баса белгиледи.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус адамзат COVID-19ду болжолдуу эки жылда жеңишине үмүт артты.
Ал мындай билдирүүнү жума күнү, 21-августта, таратып, коронавирус пандемиясын XX кылымдын башында болгон испан тумоосуна салыштырды.

"Байланыштын көптүгүнөн вирус тез тарап жатат, бирок бизде аны токтотуу үчүн технология бар. Ошондуктан ааламдашуу — кемчилигибиз болсо, технологиялар — артыкчылыгыбыз болууда. Биз пандемиянын эки жылга жетпеген убакытта бүтүшүнө үмүттөнүп жатабыз", — деди Гебрейесус.

Ал ошондой эле 1918-жылы тараган испан тумоосу эки жылга созулса, коронавирус инфекциясын эртерээк токтотууга мүмкүн экендигин баса белгиледи.

ДССУ Кыргызстанга 100 даана кычкылтек концентраторун берди

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзүндө 22,2 миллиондон ашыгы коронавирусту жуктуруп, 782 миңден ашык адам көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0