Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

© Sputnik / Антон Быстров / Медиабанкка өтүүГраффити перед бывшим посольством США в Тегеране
Граффити перед бывшим посольством США в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын тышкы саясаты көп жыл бою "кыйрагыча басым жасоо" деген принципти колдонуп келген, бул чынында иштеп, үзүрүн берчү. Кээде анын четин кыйытып коюу да жетиштүү болор эле.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео Иранга каршы санкциялар кайтарыларын айтуу үчүн атайын БУУнун штаб-квартирасына бармай болду. Мындан тышкары, АКШнын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Fox New телеканалына маек куруп, окуя кандай өнүгө турганына токтолгон. Кырдаалга россиялык журналист Ирина Алкснис көз салды.

Помпеонун айтымында, "санкциялардын баары калыбына келип", "дүйнө жүзүндө коопсуздук өкүм сүрөт". Анткени "Иран Россиянын абадан коргонуу каражаттарын, кытай танктарын, дегеле Жакынкы Чыгыштын тынчын алчу нерсенин баарын ала албай калат". Ал эми Кошмо Штаттары бекиткен чектөөлөрдү сактагысы келбеген башка мамлекеттерди (бул жерде биринчи кезекте Россия менен Кытай) рестрикция күтөт. Помпео АКШ "буга чейин мындай кадамга барганын" айтып, "америкалык санкцияларды бузган мамлекеттин баары жоопкерчиликке тартылганын, мындан ары да БУУнун кеңири санкцияларына моюн толгогондорду ушундай тагдыр күтүп турганын" белгиледи.

Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

Иран темасынын мынча жанданып кетиши 2020-жылдын 18-октябры менен байланыштуу.

Дал ушул күнү өзөктүк макулдашуунун маанилүү пункттарынын биринин мөөнөтү аяктайт. 18-октябрга чейин Иранга аскерий техника киргизүүгө уруксат, ар бир учур боюнча БУУнун макулдугу талап кылынат.

АКШ өзөктүк макулдашуудан 2018-жылы эле чыккан, бирок курал-жарак эмбаргосунун мөөнөтү жакындаган сайын анын башка катышуучулары менен иши өтө эле активдешип кетти. Бул америкалыктар үчүн түн уйкудан калтырган тема. Себеби ушул маселе боюнча бир жума мурун ою оңунан чыкпай калган. Вашингтон БУУнун Коопсуздук кеңеши аркылуу эмбаргонун мөөнөтүн жылдырууну көздөп, бирок андан майнап чыккан эмес.

Кеп Россия менен Кытайдын вето укугунан пайдаланганында да эмес. АКШ мындай жыйынтыкка алдын ала даяр эле. Болгону аларды жалгыз Доминикан республикасы колдоп чыкканы катуу тийди. Коопсуздук кеңешинин калган мүчөлөрү, туруктуусу да, убактылуусу да калыс болуп коюшту. Антиирандык саясаты керек болсо тилектештеринин көкөйүнө көк таштай тийгенин тастыктаган бул көрүнүштөн Вашингтон аябай эле кемсинип калды.

Бирок мындай абал алардын ээлеп турган позициясына таасир деле эткен жок.

АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат

Алгач Дональд Трамп Владимир Путиндин Иран боюнча жогорку деңгээлдеги онлайн-саммит өткөрүү сунушун четке какты. Россия президенти Ирандын айланасындагы ири масштабдуу чырга айланып кетчү кырдаалдын алдын алып сүйлөшүүнү сунуштаган учурда америкалык тарап БУУнун Коопсуздук кеңеши "курал-жарак эмбаргосун узартууга байланышкан талкуу жүргүзүү үчүн мыкты аянт" экенин жар салды. Андан да Москванын аталган маселени талкуулоого "юридикалык негиз жок деп бир нече ирет" айтканына нааразы болду.

Эми Майк Помпео минтип Вашингтон өз оюнан такыр кайтпай, максатына жетиш үчүн чечкиндүү кадамдарга барарын айтып отурат.

Америкалык бийликтин тоскоолдуктарга кабагым-кашым дебеген көктүгүнө баа берсе да болот. Бирок азыр бир ордунан жылбай эле кыймылдап жатышкан сыяктуу. Короткон күчү менен алган жыйынтыгы бири-бирине татыйбы, дегеле мындай аракет канчалык натыйжалуу, жемиштүү деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

АКШнын тышкы саясаты көп жыл бою "кыйрагыча басым жасоо" деген принципти колдонуп келген, бул чынында иштеп, үзүрүн берчү. Кээде анын четин кыйытып коюу да жетиштүү болор эле.

Маселе мындай ыкманын натыйжалуулугу алсырап баратканында. Анын үстүнө АКШнын тышкы саясаттагы байма-бай кетирген кемчиликтери "азыр өлөсүң" деген опузасынын күчүн кетирип койду.

Түркия С-400дү экинчи ирет сыноодо: артка жол жок

Бүгүнкү күндө санкция жарыялайм деп Россия менен Кытайды коркутуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө таразанын тиги ташында курал-жарагын жаңылоого муктаж жана бул үчүн акча төлөөгө даяр Иран турат. Россиядан С-400 комплекстерин сатып алган союздашы Түркияга алы жетпей койгон америкалыктар Иранды тизгиндей алабы?

БУУда добуш берүүдө калыс пикирин билдиргендердин, ошол эле АКШнын жакын союздашы Улуу Британиянын да, Ирандын курал-жарак рыногунда үлүшкө илинип калсам деген ою бардай. Керек болсо океандын ары жагындагы өнөктөшүнүн нааразычылыгы менен коркутуп-үркүтүүсү да оюнан кайтууга себеп боло алчудай эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0