"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDНорвегияда НАТОнун Trident Juncture аскер машыгуусу. Архив
Норвегияда НАТОнун Trident Juncture аскер машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атомдук суу алдындагы кайыктар, күчтүү радиолокациялык станциялар, масштабдуу машыгуулар жана чалгындоо миссиялары... НАТО Европанын түндүгүндө кызуу ишке киришти.

РФ Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, альянс Норвегияны максаттуу түрдө аскердик контингентке тартууда. "Орус коркунучу" деген шылтоо менен башка европалык өлкөлөрдөгүдөй эле көрүнүш. Скандинавиялык королдук аталган альянс үчүн кезектеги Польша болуп береби? Ушул соболдун тегерегиндеги ой толгогон макала РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Терс активдүүлүк

НАТО Норвегияда аскердик күчтөрдү жайгаштырууну күчөтүү зарылдыгы туурасындагы сөздөн ишке өтүүдө. Альянстын кемелеринин окуулары да көп өтө баштаганы байкалууда. Ага Баренцево жана Норвегия деңиздериндеги норвегиялык флоту тартылууда.

Аймакта блоктун чалгындоо миссияларынын масштабы да кеңейүүдө. Арктикада Россия чек арасына жакын Норвегиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн чалгындоо кемелери иштеп, ал эми норвегиялык базалардан АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Poseidon учактары күзөткө учуп чыгышууда. Осло менен Вашингтон өлкөдө деңиз пехотасынын бөлүктөрүн жайгаштыруу боюнча келишимди узартып, санын эки эсе арттырган.

Ажаан доктрина: АКШ аскерлери Жер орбитасын басып алууга чамындыбы?

2018-жылы Норвегияда НАТОнун Trident Juncture деген аталыштагы ири окуулары өткөн. 50 миңдин тегерегиндеги аскер кызматкери шарттуу душмандын кол салуусунан жамааттык коргонуу боюнча машыккан. Машыгуу аянтчасына альянс 65 согуштук кемени, анын ичинде америкалык "Гарри Трумен" авиаташуучусун да чыгарган. Ал кансыз согуштан бери Норвегия деңизине биринчи ирет кирген.

Түндүк Норвегияда НАТО ракеталык чабуул туурасында эскертүүчү "Глобус-3" радиолокациялык станцияны тургузат. Ушул тапта Вардё аралында курулуш кайнап турган убагы, ал Россиядан өтө деле ыраак эмес.

Жаңы радиолокациялык системанын жардамы менен наточулар россиялык ракеталык куралдардын сыналышын көрүп, Түндүк флоттун кемелеринин кыймылын көзөмөлдөп жана "шарттуу душмандын" ички райондоруна көз сала алат. Ошондой эле Бардуфосс, Эвенес, Банак, Эрланн жана Рюгге аскердик аэродромдору заманга бапташтырылып, Гротсунд порттук терминалын америкалык атомдук субмариналарды кабылдоо үчүн кайра жабдышмакчы.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Россия ТИМи НАТОнун Европаны түндүгүндөгү аракеттери Арктиканын аскерлешүүсүнө алып келери туурасында бир нече ирет билдирип келген. Айрыкча, альянстын авиациясынын чалгындоочу учуштары тынчсыздандырат.

РФтин чек арасында пайда боло калып жаткан америкалык чалгындоочу учактар туурасындагы Коргоо министрлигинин сводкалары эчак адатка айланып калган. Космостук-аба күчтөрү ар жолкусунда абага истребителдерди чыгарып, аларды Россиянын ички аба мейкиндигинен кубалагандай эле болушат. Бир апта мурун эле МиГ-31 чек арага өтө кооптуу аралыкка жакындаган "Посейдон" учагын кармаган. Ал эми 4-августта аба мейкиндиги көзөмөлүнүн каражаттары Баренцево деңизинин үстүнөн норвегиялык радиотехникалык чалгындоочу жана радиоэлектрондук күрөшүүчү Falcon 20 учагы көрүнгөн. Аны да Космостук-аба күчтөрүнүн истребители менен бурушкан.

НАТОнун түндүк плацдармы

Аскердик илимдердин доктору Константин Сивков Осло азырынча НАТОнун иш-чараларынан оолак болууга тырышканын, бирок антиш улам кыйындап баратканын белгилейт.

"Өлкөнүн жетекчилиги алмашып кетсе, баары болушу мүмкүн. Америкалык базалар да пайда болушу мүмкүн, — дейт эксперт. — Норвегия машыгуулар үчүн америкалык аскердик контингентти жайгаштырган, өз базаларында АКШнын суу алдындагы кайыктарын кабыл алат. Аскерлешүүгө нук алганы айдан ачык. Кырдаал кандай өзгөрөрү белгисиз. Бирок Аскердик жана саясий чыңалуу күчөгөн сайын Осло Вашингтондун кысымына туруштук бере албасы анык. Арктика үчүн алдыда күтүлгөн катуу таймаштан улам норвегиялыктар америкалыктарга чоң үмүт артат".

Жагдай жасалма түрдө курчутулуп жатканын жана тышкы душман изделгенин Норвегиянын тышкы чалгындоо кызматынын жетекчиси Мортен Хаг Лунденин билдирүүлөрү тастыктап турат. Ал королдук үчүн Россияны жана Кытайды негизги коркунуч катары эсептеп келет. Айрыкча чочулаганы – россиялык ыраакка багытталган ракеталары. Ал Кол жарым аралындагы жана Баренцево деңизинин түндүк бөлүгүндөгү аскердик базалардын бекемделиши, Түндүк флоттун окуулары, куралдануунун алдыңкы системаларын мисалга келтирет. Анын пикиринде, "Сармат" континенттер аралык ракеталык комплексинен, гипер үндүү "Авангард" жана "Кинжалдан" да коркунуч туулат.

Калкты "орус коркунучу" менен, анын ичинде теле экрандардан да чочулатып жатышканын "Валдай" аналитикалык клубунун аскердик серепчиси Артем Куреев белгилейт.

Дүйнө элинин кызыкчылыгы үчүн. АКШ аскерлеринин Германиядан чыгарылышына сереп

"Норвегиялык саясий истеблишмент Россияны кооптуу коңшусундай, иш жүзүндө потенциалдуу душманындай көрүүгө маш, — дейт ал. — Жергиликтүү "Оккупация" деп аталган сериалдын эки сезону да буга далил. Анда өлкөнү Европа биримдигинин үндөбөгөн колдоосу менен Россиянын басып алышы сүрөттөлөт".

Кансыз согуш аяктаган соң түндүк монархия Орус түндүгүндө өз алдынча саясатты жүргүзгөнүн эске салат Куреев. Норвегиялык атайын кызматтар Түндүк флоттун абалына тыкыр көз салып, ал түгүл аймактын майда элдеринин сепаратизмин да колдоп турган".

Эки тоону эңсеп...

Норвегия Түндүк Атлантикалык альянсты түптөөгө катышкандардан, блокко 1949-жылы киргенин белгилей кетүү керек. Бирок Советтер Союзу менен мамилени курчутуп албоо үчүн дайым кыйла этият позицияны кармоого аракет кылган.

Ошентип, Ослодогулар тынч убакта өз аймагында чет элдик аскердик базаларды куруудан баш тартышкан. Ошондой эле өлкөдө атомдук куралды жана орто ыраактыктагы ракеталарды жайгаштырууну четке кагышкан. Өзүнчө бир макулдашуу боюнча Норвегияда азыраак (бир нече жүз) гана америкалык деңиз пехотасынын аскерлерин жайгаштырган.

Бирок географиялык жайгашуусунун эсебинен бул скандинавиялык өлкө дайым НАТО үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп келген. Себеби бул – Атлантикага советтик, кийин россиялык суу түбүндөгү кайыктары өтө алчу жападан жалгыз жол.

Мындан сырткары, Норвегия — NADGE (NATO Air Defence Ground Environment) альянсынын абадан коргонуу тутумунун маанилүү элементи. Ушул жерден бүтүндөй Европа аркылуу Түркияга дейре созулган радиолокациялык бөгөт башталган.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

"Норвегиянын үстүнөн көзөмөл НАТОго кокус согуш болут кетсе, Атлантикага советтик атомдук кайыктардын киришине жол бербөө же азайтууга шарт түзгөн, — деп түшүндүрөт Куреев. — Ошону менен бирге эле Осло өз аймагына альянстын жана АКШнын базаларын киргизбей, Москваны НАТОнун тынчтык сүйөрлүгүнө, коргонуу мүнөзүнө ынандырууга умтулган. Анткен менен бул викингдердин тукумдарына альянстын глобалдык машыгууларын жана көзөмөлдөөнүн радиолокациялык станцияларын жайгаштырууга эч качан жолтоо болгон эмес".

Фьорддор өлкөсү эбактан бери Түндүк Атлантикада күзөт өтөгөн АКШнын атомдук субмариналары үчүн ишенимдүү баш калкалаар жер катары кызмат кылат. Мында НАТОнун AWACS учуучу радарлары жана чалгындоочу учактары жайгаштырылган аэродромдор курулган.

НАТОнун техникасын кабыл алуучу авиациялык базалар, союздаштарынын күчтөрүн зарыл учурда жайгаштыруу үчүн даяр инфраструктура жана оор курал-жарак үчүн көптөгөн кампалар бар.

Россиянын батыш чек арасындагы чыңалуу. АКШ Польшага эмнеге аскер жөнөтүүдө

"Бирок Норвегия экинчи Польшага айланат дешке болбойт, Ослонун өзүнүн коргонуу доктринасы бар, — деп белгилейт серепчи. — Калк өлкөдө америкалык аскерлердин жайгашуусун терс кабыл алышы ыктымал, мында коркунучтуу сериалдар да таасир эте албайт. Электорат андай кадамды өз күчү менен коргонууга жөндөмсүз деп баалашы мүмкүн, бул аталган мамлекеттин бийлигине абийир алып келбейт".

Ошентсе да сурамжылоого катышкан аналитиктердин көпчүлүгү жакын арада америкалыктар Скандинавиянын түндүгүнө бат-бат каттай турганын бөркүндөй көрүшөт. Анан калса, ниеттери түк тынчтыкка багытталбаганын белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0