Эл аралык "Армия-2020" форуму. Россия, Казакстан, Беларустун экспозициялары

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТанктарды колдоочу аскердик машина “Тайфун-ВДВ”. Архив
Танктарды колдоочу аскердик машина “Тайфун-ВДВ”. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык аскерий-техникалык форум "Армия-2020" пандемия жана глобалдуу аскердик-саясий олку-солкулуктун шартында дүйнөлүк коргонуу өнөр жай жаатындагы эң биринчи ири көргөзмө болот.

Үстүбүздөгү жылдын 23-29-август күндөрү Армения менен Россиянын бир катар аймактарында өтө турган иш-чарада 1 500дөй компания курал-жарак менен техниканын 28 миңден ашуун түрүн көрсөтмөкчү.

Форумга 72 өлкө катышарын билдирди. Армения, Беларусь, Бразилия, Вьетнам, Иран, Казакстан, Ливан, Руанда, Борбордук Африка республикасы жана Түштүк Осетиядан жогорку деңгээлдеги делегация келет. Ал эми Беларусь, Бразилия, Индия, Казакстан менен Пакистан улуттук экспозициясын алып чыгары айтылды.

Иш-чара 23-августта "Патриот" көргөзмө борборунда ачылып, 24-26-август күндөрү адистер иштесе, 27-29-августта көрүүчүлөр үчүн эшигин ачат.

Негизги көргөзмө аянтчалары болуп "Патриот" паркы, Кубинка аэродрому, "Алабино" жана "Ашулук" полигондору кызмат кылат. Бирок курал-жарак жана аскердик техниканын экспозициясы Россиянын Түндүк флотунун аскердик округдарында да жайгашат.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

Былтыркыга салыштырмалуу экспозиция 60 миң чарчы метр аянтка кеңейип, жалпы жонунан 320 миң чарчы метрди түзөт. Санкт-Петербургдан Владивостокко, Сереморскиден Севастополго чейин жайгашкан 47 аянтча болот.

Форумдун илимий-ишкердик программасына 170 иш-чара камтылган.

Беларусь менен Казакстандын экспозициялары

Быйыл өз продукциясын Казакстан менен Беларусь гана көрсөтөт.

Санитардык-эпидемиологиялык чараларга өзгөчө көңүл бурулмакчы. "Армия-2020" форумунун аймагы коронавирустан таза деп табылганы менен учурдагы кырдаал көргөзмөгө даярдыкты алсыратып, чет мамлекеттердин активдүүлүгүн басаңдатып койду. Былтыр иш-чарага 120 өлкө катышып, 10 улуттук экспозиция коюлган.

Беларусь республикасы улуттук коргонуу өнөр жайынын продукциясын — электроника, оптика, пилотсуз учуучу аппараттарын алып чыгат. Москва аянтчасы бизнести кеңейтүүгө келечектүү деп эсептелет, ал эми августтагы өлкө ичиндеги олку-солкулук "Белспецвнештехника" компаниясы бириктирген катышуучуларга кедергисин тийгизбейт.

Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Былтыр аталган форумга 15 ишкана катышса, быйыл алардын саны 20га жетти. Аталган компаниялар аскерий багыттагы продукциясын, 122 мм калибрлүү “Шквал” аскер машинасы менен Р-443О спутник байланыш станциясынын, МЗКТ-490101-010 жеңил сооттолгон автоунаанын макетин эл назарына коймокчу. Беларусь жыл сайын 1,5 миллиард долларга чейин курал-жарак жана аскердик техника экспорттойт. Анын басымдуу бөлүгү Россияга жөнөтүлөт.

Ал эми Казакстандын активдүүлүгү жылдан жылга өсүп, республика россиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун бекемдеп келе жатат. Былтыр ар кыл адистиктеги 10 ишкана катышкан. Быйыл өлкө “Семипалатинск машина куруу заводунун” модификацияланган каз таман сүйрөөчү тракторун, “Киров атындагы заводдун” корголгон ноутбук менен планшеттерин, “Семей инжиниринг” ишканасынын сооттолгон техниканы модернизациялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү кызматтарын сунуштайт. Ал эми “Казакстан инжиниринг” компаниясынын туунду структурасы болгон “Тыныс” заводу авиациялык буюмдардын үлгүсүн, күч структуралары үчүн жеке коргоочу каражаттарды даярдап келет.

Россиялык коллекция

РФ Коргоо министрлиги курал-жарактын, аскерий жана атайын техниканын 370 түрүнүн сериялык үлгүсүн көрсөтөт. Анын арасында аналогу жок Т-14 аскердик танкы, “Армата” платформасындагы Т-15 аскердик машинасы, танктарды колдоочу аскердик машиналар, “Тайфун-ВДВ” автоунаасынын базасында жасалган өзү жүрүүчү “Дрок” миномёту, абадан коргонуучу орточо ыраактагы “Бук-М3” комплекси, "Деривация-ПВО" 2С38 зениттин артиллериялык комплекси, модернизацияланган Т-90М жана Т-80БВМ танктары бар.

Мындан тышкары, келгендер россиялык танк куруунун 100 жылдыгына арналган “Танкпром аллеясынын” көргөзмөсү менен да тааныша алышат. 22 танк жана сооттолгон автоунаа “Патриот” паркына коюлуп, биринчи жолу эл сынынан өтмөкчү.

Өзгөчөлүктөр

“Армия-2020” форуму көп кызык менен коштолору айтылууда: ачык аянттагы экспозициялар, Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чаралар камтылган.

Мындан тышкары, көрүүчүлөр "Русские витязи", "Стрижи", "Беркуты" топторунун авиашоусуна күбө боло алышат. Быйыл "Стрижи" биринчи жолу тогуз экипаждын катышуусу менен асманга көтөрүлмөкчү.

“Патриот” паркынын көргөзмө борборунун аймагында учкучсуз авиациянын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт. Мында “Триумф” системасы, радиолокациялык “Подлет” станциясы, “Панцирь-С1 зениттик ракета-замбирек комплексинин машинасы, учкучсуз чалгын самолету “Рейс” Ту-143 , аралыктан башкарылуучу “Пчела” учуучу аппараты менен таанышууга болот. Мындан тышкары, Ми-25М, Ми-25П, Ми-171Ш жана Ка-226 тик учактарына күбө боло алышат.

Кургакта да, сууда да… Россиялык флот Бе-200 амфибиялык учагына ээ болду

“Армия” форумунун аскерий-техникалык кызматташуу жаатында дүйнө боюнча аналогу жок. Анын кенен чабыты “Алабино” полигонунда, Комсомол көлүндө жана Кубинка аэродромунда көрсөтүлөт. Иш-чарага чет элдик, өзгөчө америкалык The National Interest басылмасынын кызыгуусу да мыйзам ченемдүү нерсе.

Баары 2015-жылы беш мамлекет — Армения, Беларусь, Казакстан, Пакистан жана Малайзиядан башталган. 2017-жылы Кытай, Түштүк Африка жана Малайзиянын ордуна Словакия катышкан. Кийинки жылы Түркия, 2019-жылы Азербайжан менен Таиланд кошулду. 2016-жылы 58 ишкана менен холдинг ишмердиги менен тааныштырса, 2017-жылы — 78, кийинки жылы 84, ал эми 2019-жылы 100 чет элдик компания катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0