Адис: бел кубатты бекемдеген дарылар жоон ичегинин рагын алдын алат

CC0 / Pixabay / Daniel RecheОбращение к психологу
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор жоон ичеги рагына кабылган 1 136 эркекти изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында эркектерге "күч-кубат" берген дарыларды өмүрү ичпегендер биринчи каза болуп калган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эркектердин бел кубатын бекемдөөчү дары-дармек жоон ичегинин рагын алдын алып, бул ооруга чалдыккан учурда шишикти күчөтпөй кармап турат. Бул тууралуу Лунд университетинде (Швеция) иликтөө жүргүзүлгөнүн Medical Xpress медициналык басылмасы жазды.

"Бирок мында кеп бардык эле препараттар тууралуу болгон жок. Фармакологияда ФДЭ-5 түшүнүгү бар. Бул топко текшерүүдөн өтүп, эл аралык талаптарга жооп берет деген дарылар кирет. Мына ушул топтогу каражаттар гана залалдуу шишикти алдын алат деген бүтүм чыгарып жатабыз", — деген окумуштуулар.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн адистер жоон ичегинин рагына кабылган 1 136 эркекти изилдеп көрүшкөн. Бир нече жыл өткөн соң бейтаптардын 17,5 пайызы каза болгон. Алардын басымдуу бөлүгү залалдуу шишик аныкталганга чейин, андан кийин дагы эркектерге "арналган" бир дагы дары-дармек ичпегени белгилүү болгон.

Өпкө, ашказан, көз... Кыргызстандыктардын кайсы жери көп ооруйт

Жоон ичегинин рагы — дүйнөдө эң кеңири тараган залалдуу шишиктердин бири. Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2018-жылы рактын ар кайсы түрүнөн дүйнө жүзү боюнча 9,6 миллион киши өлгөн. Алардын 1,8 миллиону дал ушул жоон ичегинин рагына кабылгандар.

Жаңылыктар түрмөгү
0