Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүВойна во Вьетнаме
Война во Вьетнаме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30 жылга созулган согушта вьетнам патриотторунун катарында кыргызстандык жоокерлер жана дипломаттар болгон. Бул — тарыхыбыздагы белгисиз барактардын бири. Вьетнам эркиндиги үчүн күрөштө көргөн азабы Кыргызстанга да сабак болушу керек дейт колумнист Алмаз Батилов.

Мындан 45 жыл мурун 30-апрелде вьетнамдык коммунисттер Сайгон шаарында (азыркы Хошимин) АКШнын өнөктөштөрүн жеңип, туусун орнотушкан. Бир жылдан кийин Түндүк менен Түштүк деп экиге бөлүнгөн Вьетнам бир мамлекетке биригет. 29 жыл бою созулган согуштун жыйынтыгында вьетнам патриоттору максатына жетет.

1945-жылдан баштап вьетнам эли эркиндигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн Вашингтон жана анын өнөктөштөрүнө каршы күрөшкөн. Бул согушта вьетнам эли СССР, Кытай, Түндүк Корея жана Монголиянын жардамына таянып, сырткы күчкө туруштук берген. Вьетнамдагы согушка кыргызстандык жоокерлер менен бир дипломат да катышкан.

1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар

1973-жылы 27-январда Парижде АКШ менен Вьетнамдын ортосунда төрт жылдык сүйлөшүүдөн кийин согушту токтотуу жана тынчтык орнотуу жөнүндө келишимге кол коюлган. Ага ылайык, АКШ Вьетнамдагы согушта жеңилгенин мойнуна алууга аргасыз болгон. 20-кылымдын экинчи жарымындагы бул кандуу кагылышта вьетнам эли үч миллион уул-кызын жоготту. Ал эми Камбоджа менен Лаостун канча жараны каза болгонун эч ким так айта албайт. Кан майдандын кээри бул өлкөлөрдө ушу кезге чейин байкалат.

Вьетнамдын эгемендүүлүккө жетиши

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин геосаясатта зор өзгөрүүлөр башталган эле. Ага чейин Батыш Европага баш ийген бир катар азиялык жана африкалык өлкөлөр эркиндиги үчүн күрөшкө алгачкы кадамын таштаган. Алардын арасында Вьетнам да бар болчу. 1885-жылдан баштап бул өлкө Франциянын колониясы эле. 1940-жылы Вьетнамды Япония басып алган. Бирок 1945-жылы 25-августта вьетнам коммунисттик партиясынын лидери Хо Ши Мин жана анын үзөңгүлөштөрү чет элдик баскынчыларды талкалап, бийликти колго алышкан. 2-сентябрда алар Демократиялык Вьетнам Республикасы негизделгенин жарыялайт. Бирок Франция өкмөтү буга макул болбой, каршылык көрсөткөн. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүВашингтондун колдоосу менен өлкөнүн түштүк аймактарында Вьетнам Республикасы түптөлүп, борбору Сайгон шаары болгон. Ал эми мамлекеттин түндүк чөлкөмдөрүндө Демократиялык Вьетнам Республикасы негизделген. Бул өлкөнүн борбору Ханой калаасы болуп, бийликке коммунисттик партиянын жетекчиси Хо Ши Мин келген
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Вашингтондун колдоосу менен өлкөнүн түштүк аймактарында Вьетнам Республикасы түптөлүп, борбору Сайгон шаары болгон. Ал эми мамлекеттин түндүк чөлкөмдөрүндө Демократиялык Вьетнам Республикасы негизделген. Бул өлкөнүн борбору Ханой калаасы болуп, бийликке коммунисттик партиянын жетекчиси Хо Ши Мин келген

1946-жылы ноябрь айында вьетнам эли эркиндиги үчүн француз баскынчыларга күрөшүн баштаган. Бул согушта Парижге АКШ катуу жардам берген. Айта кетсек, 1954-жылы Франциянын Вьетнамдагы согушка кетирген чыгымынын 80 пайызын Вашингтон көтөргөн. Буга карабастан, вьетнам калкы Кытайдын көмөгүнө таянып, француз аскерлерин жеңген. 1954-жылы жайында Парижде тынчтык келишимине кол коюлуп, согуш токтогон. Тилекке каршы, бул келишимдин натыйжасында Вьетнам эки мамлекетке бөлүнүп калган. Вашингтондун колдоосу менен өлкөнүн түштүк аймактарында Вьетнам Республикасы түптөлүп, борбору Сайгон шаары болгон. Ал эми мамлекеттин түндүк чөлкөмдөрүндө Демократиялык Вьетнам Республикасы негизделген. Бул өлкөнүн борбору Ханой калаасы болуп, бийликке коммунисттик партиянын жетекчиси Хо Ши Мин келген.

Вьетнамды бириктирүү үчүн күрөш

Бирок 1957-жылы Түштүк Вьетнамдагы коммунисттер жогоруда айтылган келишимге макул болбой, АКШга көз каранды болгон Сайгонго каршы согуша башташат. 1959-жылы түндүк Вьетнамдын жетекчилиги экиге бөлүнгөн мамлекетти күч менен бириктирүүнү чечет. Мындан улам Түштүк Вьетнамды бошотуу боюнча улуттук фронт түзүлүп, булар вьетконг деген атка конгон. Бул сөз "вьетнамдык коммунист" деп которулган. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү1959-жылы түндүк Вьетнамдын жетекчилиги экиге бөлүнгөн мамлекетти күч менен бириктирүүнү чечет. Мындан улам Түштүк Вьетнамды бошотуу боюнча улуттук фронт түзүлүп, булар вьетконг деген атка конгон. Бул сөз "вьетнамдык коммунист" деп которулган
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
1959-жылы түндүк Вьетнамдын жетекчилиги экиге бөлүнгөн мамлекетти күч менен бириктирүүнү чечет. Мындан улам Түштүк Вьетнамды бошотуу боюнча улуттук фронт түзүлүп, булар вьетконг деген атка конгон. Бул сөз "вьетнамдык коммунист" деп которулган

Вашингтон Сайгондогу режимди сактап калууну көздөп, Ханойго каршы тымызын аскердик иш-чараларды жүргүзүүгө умтулуп, камына баштайт. Анын үстүнө АКШ коммунисттик идеология Вьетнамдын аркасы менен бүткүл Түштүк-Чыгыш Азияда үстөмдүк кылып кетет деп чочулаган. 1964-жылдын ортосунда вьетконгдуктар Түштүк Вьетнамдын үчтөн эки бөлүгүн көзөмөлгө алышкан. Ошол эле жылы 2-августта Тонкин булуңунда Түндүк Вьетнамдын согуш катерлери менен Вашингтондун кемелери кагышып, АКШнын президенти Линдон Жонсон Түндүк Вьетнамдын аскердик-деңиз объектилерин бомбалоо тууралуу буйрук берет. 5-августта Вашингтондун аба күчтөрү бул өлкөнү бомбалап, 7-флоттун кемелери ок чыгарат. 6-7-августта АКШнын Конгресси Жонсондун Түндүк Вьетнамды бомбалоо жана Түштүк-Чыгыш Азияга аскерлерди жиберүү жөнүндө сунушун колдоп берет. 1965-жылы 8-мартта Вашингтондун аскердик авиациясы Түндүк Вьетнамды системалуу түрдө бомбалай баштайт да, 3 500 деңиз жөө аскери келет.

Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны

Жергиликтүү элди аяган америкалык Хью Томпсон

© Sputnik / Петросов / Медиабанкка өтүү1964-жылдан баштап 1973-жылга чейин АКШ Вьетнамга 7 миллион тонна бомба таштап, абадан 80 миллион литр уулуу зат чачкан
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
1964-жылдан баштап 1973-жылга чейин АКШ Вьетнамга 7 миллион тонна бомба таштап, абадан 80 миллион литр уулуу зат чачкан

1964-жылдан баштап 1973-жылга чейин АКШ Вьетнамга 7 миллион тонна бомба таштап, абадан 80 миллион литр уулуу зат чачкан. Мындан сырткары, Вашингтон Вьетнамда өзүнүн химиялык жана климатты өзгөртүү боюнча куралдарын сынаган. Анын үстүнө АКШнын жоокерлери менен Сайгондун желдеттери Түштүк Вьетнамдын карапайым калкын абдан кордоп, айыл жашоочуларын кошуп жер менен жексен кылган көп фактылар катталган. Мисалы, 1969-жылы америкалык 30 аскер Сонгми ынтымагынын курамындагы Милай айылынын 504 жашоочусун өлтүргөн. Бирок мындай мыкаачылыкка жол бербегенге умтулган АКШ армиясынын 123-авиациялык батальонунун пилоту Хью Томпсон элдин бир тобу жер төлөгө кире качканын тик учактан байкайт. Ошол эле маалда ал бул топту аркасынан кууп жетип өлтүрүүгө даярданган америкалык жоокерлерди да көрөт. Хью вертолёттогу аткыч менен бортинженерге аскерлер аман калган вьетнамдык топко кол салса, аларга ок чыгаргыла деген буйрук берет. Андан кийин Томпсон бир нече тик учакты чакыртып 11 жарадар вьетнамдыкты алып чыгып кеткен. Сонгминин трагедиясы жөнүндө жазып чыккан АКШнын журналисти Херш Сеймурдун аркасы менен дүйнөлүк коомчулук бул окуя тууралуу кабардар болгон эле. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСонгминин трагедиясы жөнүндө жазып чыккан АКШнын журналисти Херш Сеймурдун аркасы менен дүйнөлүк коомчулук бул окуя тууралуу кабардар болгон
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Сонгминин трагедиясы жөнүндө жазып чыккан АКШнын журналисти Херш Сеймурдун аркасы менен дүйнөлүк коомчулук бул окуя тууралуу кабардар болгон

Афганистандагы кыргыздарга таң калып сыймыктандык. Согуш ардагери Садыровдун маеги

Сайгондун жасоолдору да бардык эрежелерди бузуп, колго түшкөн вьетконгдуктарды кыйнап өлтүрүшкөн. Ошол эле учурда вьетконгдуктар да колуна түшкөн туткундарга аёосуз мамиле кылганы жөнүндө фактылар бар.

Согушка сарпталган каражат

1968-жылы Вашингтон 543 миң жоокери менен абдан көп сандагы аскердик техникасын жөнөткөн. Бул согушка баш-аягы АКШнын 2,5 миллион жоокери катышып, өлкө бир триллиондон ашык доллар сарптаган. Түштүк Вьетнамга АКШнын өнөктөштөрү — Түштүк Корея, Таиланд, Австралия, Филиппин жана Жаңы Зеландия аскерлерин жиберген. Америкалык аскерлердин басымдуу бөлүгү стресстин айынан ичкиликке ооп кетсе, кээси апийим чеккен. Вьетконгдуктар Вашингтон жана Сайгондун армиясына өжөрлүк менен каршылык көрсөткөн. Алар көп кабаттуу жер төлөлөрдү казып, капыстан душмандарына кол салып, чабуул койгон. Жума сайын америкалык жоокерлер жүздөп курман болуп турган. Ошол эле убакта Түндүк Вьетнам Лаос менен Камбоджанын чек арасы аркылуу Түштүк Вьетнамга жоокерлерди, курал-жарак жана аскердик техникасын жөнөтүп турган. Бул өтмөктү АКШнын армиясы "Хо Ши Миндин жолдору" деп атаган. Ушул жолдор Ханойдун Вашингтонду жеңүүсүнө чоң өбөлгө түздү. АКШнын авиациясы жана өнөктөштөрү жогоруда айтылган өтмөктү жабыш үчүн уулуу заттарга шыкалган бомбаларды таштап, аскердик операцияларды өткөргөн. Мунун айынан Лаос менен Камбоджанын миңдеген жараны каза болгон эле. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТүндүк Вьетнамга СССР, Кытай, Түндүк Корея жана Монголия көмөк көрсөттү. Советтер Союзу вьетнам элинин азаттык үчүн согушун абдан жактаган
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Вьетнамга СССР, Кытай, Түндүк Корея жана Монголия көмөк көрсөттү. Советтер Союзу вьетнам элинин азаттык үчүн согушун абдан жактаган

Афганчы Мамбеталиев: согушка баратканыбызды билген жокпуз, жандан түңүлдүк...

Ал эми Түндүк Вьетнамга СССР, Кытай, Түндүк Корея жана Монголия көмөк көрсөттү. Советтер Союзу вьетнам элинин азаттык үчүн согушун абдан жактаган. Өлкөгө даңазалуу советтик космонавт Валентина Терешкова, белгилүү акын Евгений Евтушенко өңдүү мамлекеттик жана маданият ишмерлери келип, калкка моралдык жактан колдоо көрсөткөн. Москва Вьетнамга эң мыкты курал-жарагын берген. "Российская газетанын" маалыматына таянсак, Советтер Союзунун Ханойго көрсөткөн көмөгү 8-15 миллиард АКШ долларын түзгөн. СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин: мамлекетибиз күн сайын Вьетнамга көмөк иретинде бир жарым миллион рубль жөнөткөн", — деп баса белгилеген. 

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүСоветтер Союзу бул кан майданга 10 миңден ашык жоокер менен офицерлерин жөнөткөн. Булардын ичинде кыргызстандыктар да бар болчу
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Советтер Союзу бул кан майданга 10 миңден ашык жоокер менен офицерлерин жөнөткөн. Булардын ичинде кыргызстандыктар да бар болчу

Согушка катышкан кыргызстандыктар

Советтер Союзу бул кан майданга 10 миңден ашык жоокер менен офицерлерин жөнөткөн. Булардын ичинде кыргызстандыктар да бар болчу. Өлкөбүздүн белгилүү контрчалгын менен аскердик чалгын кызматынын офицери Жумалы Кубатовдун Вьетнамдагы согушка катышкандыгы тууралуу атактуу советтик чалгынчы жана аскердик журналист  Эркебек Абдуллаев "Позывной кобра" аттуу китебинде жазган. Белгилей кетчү жагдай, алардын көпчүлүгү өз ыктыяры менен вьетнам элине көмөк көрсөтүүгө келген. Жергиликтүү жоокерлерге оор аскердик техниканы кантип пайдалануу керектигин жана согуштук ыкмаларды үйрөткөн. Мындан сырткары, СССРдин аскердик окуу жайларында 10 миңден ашык вьетнамдык курсант окуй баштаган. Ар түрдүү маалыматтар боюнча, согушта 16 советтик аскер каза таап, 20дан ашык жоокер жаракат алган. 

© Фото / из семейного архива КубатовыхӨлкөбүздүн белгилүү контрчалгын менен аскердик чалгын кызматынын офицери Жумалы Кубатовдун Вьетнамдагы согушка катышкандыгы тууралуу белгилүү советтик чалгынчы жана аскердик журналист Эркебек Абдуллаев "Позывной кобра" аттуу китебинде жазган
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Өлкөбүздүн белгилүү контрчалгын менен аскердик чалгын кызматынын офицери Жумалы Кубатовдун Вьетнамдагы согушка катышкандыгы тууралуу белгилүү советтик чалгынчы жана аскердик журналист Эркебек Абдуллаев "Позывной кобра" аттуу китебинде жазган

Кытай лидери Мао Цзедун да бир кыйла аскердик техника жөнөтүп, 320 миң жоокерин жиберген. Алардын ичинен миңге жакын аскер каза болгон. Булардын көпчүлүгү АКШнын бомбалоосунан курман болушкан. Москва менен Пекиндин ортосунда болгон курч мамилени Вьетнам чеберчилик менен өз кызыкчылыгына пайдаланган. Ошондуктан 1969-жылы Ханойдогу ички абалды билиш үчүн СССР жетекчилиги Түндүк Вьетнамдагы элчиликке кыргыздын тунгуч вьетнам таануучусу Касымбай Намазбековду жиберет. Буга чейин үч жыл ал СССРдин ТИМинин курамындагы Дипломатия мектебинде вьетнам жана француз тили боюнча окуйт. Мындан сырткары, Касымбай Парижде француз тили боюнча стажировкадан өтөт. Ал Ханойдогу советтик элчиликтин биринчи катчысы кызматына дайындалат. Жубайы Эдиса Исаевна жанында болуп, дарыгерлик кызматын аткарат. Түндүк Вьетнамда Намазбеков үч жылдан ашык иштеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге чоң салым кошкон. Кыргызстандын тарыхында Кубатов менен Намазбековдун эмгеги дагы баалана элек. 

© Фото / фото из личного архива Касымбая НамазбековаКасымбай Намазбеков жубайы Эдиса Исаевна менен экскурсия учурунда. 1971-жыл 27-февраль. Ханой шаары
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Касымбай Намазбеков жубайы Эдиса Исаевна менен экскурсия учурунда. 1971-жыл 27-февраль. Ханой шаары

Жеңиштин орношу

АКШ элинин Вьетнамда жүрүп жаткан согушка нааразылыгы абдан күчөгөн. Бул боюнча америкалык атактуу ырчы Боб Дилан, акын Эдриан Митчелл, мушкер Мохаммед Али көз караштарын билдиришкен. Армияга баруудан 27 миңден ашуун адам баш тарткан. New York Times басылмасы: "Бул согуш АКШны руханий жактан туңгуюкка кептеди", — деп жар салган. Вьетнамдан келген ардагерлер психологиялык жактан стресске (вьетнам синдрому) кабылып, анын айынан жанын кыйгандар көп болгон. АКШда отузга жакын коомдук уюм Вьетнамдагы согушту токтотууну талап кылган. Бул уюмдар бардык катмардын мүчөлөрүн камтыган эле. 

© Sputnik / П. Федоров / Медиабанкка өтүү1973-жылы 27-январда Парижде Ханой менен Вашингтон согушту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу жөнүндө келишимге кол коюшту
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
1973-жылы 27-январда Парижде Ханой менен Вашингтон согушту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу жөнүндө келишимге кол коюшту

1973-жылы 27-январда Парижде Ханой менен Вашингтон согушту токтотуу жана тынчтыкты орнотуу жөнүндө келишимге кол коюшту. Ошентип дүйнөдөгү зор держава Түштүк-Чыгыш Азияда жайгашкан кичинекей чабал өлкөдөн жеңилген. АКШ Түштүк Вьетнамдан армиясын алып чыга баштаган. 1975-жылы 30-апрелде Ханойдун кошуундары жана партизандар Сайгондогу режимди кулатып, экиге бөлүнгөн мамлекетти бириктиришет. Бул согушта АКШ 58 миң аскеринен ажыраган. Дагы 150 миңден ашыгы жаракат алып, 2 600 жоокери дайынсыз жоголгон. Бир миңге жакын америкалык аскер туткунга түшкөн. Алардын арасында АКШнын белгилүү мамлекеттик ишмери Жон Маккейн да бар болчу. Вашингтондун курман болгон жоокерлеринин расмий тизмесине теги пуэрторикалык аскерлер кирбей калган, алар АКШнын жарандыгын алыш үчүн армияга жалданган эле. 

© Фото / фото из личного архива Касымбая НамазбековаВьетнам армиясынын аскери-зенитка аткыч аял советтик дипломаттар жана кызматкерлер менен жолугушуу учурунда. Ханой. 1971-жыл
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Вьетнам армиясынын аскери-зенитка аткыч аял советтик дипломаттар жана кызматкерлер менен жолугушуу учурунда. Ханой. 1971-жыл

Энесин жоготконуна карабай элди элдештирген Акаев. Тажикстанда Биримдик күнү

Бул согушта вьетнам эли үч миллион уул-кызын жоготту. Бүгүнкү күндө да Вьетнам, Лаос жана Камбоджа ал апааттын кесепетин тартууда. 

© Sputnik / Виталий Соболев / Медиабанкка өтүүБул согушта вьетнам эли үч миллион уул-кызын жоготту. Бүгүнкү күндө да Вьетнам, Лаос жана Камбоджа ал апааттын кесепетин тартууда
Абадан ташталган 7 млн тонна бомба. Вьетнам согушуна катышкан кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Бул согушта вьетнам эли үч миллион уул-кызын жоготту. Бүгүнкү күндө да Вьетнам, Лаос жана Камбоджа ал апааттын кесепетин тартууда

Тилекке каршы, азыркы учурда да бул согушка катышкан советтик жоокерлердин көпчүлүгү аскердик пенсия албайт, социалдык жактан камсыз боло элек. Алардын аскердик билетине ушул өлкөдө кызмат өтөгөн учуру жазылган эмес. Себеби бул жашыруун маалымат болгон.

Башынан 30 жылдан ашык кандуу согушту өткөргөн Вьетнам бүгүнкү күндө Азия-Тынч океан аймагынын гүлдөп өнүгүп жаткан өлкөлөрүнүн ичине кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0