Үч айда активдерден баш тарткыла. Трамптын TikTok менен күрөшү уланууда

© REUTERS / Leah MillisПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка лидери TikTok тиркемеси Кытай бийлигине жеке маалыматтарды ташышы мүмкүндүгүн айтып, аны өлкөсүндө иштетпөөгө далалат кылып келет.

БИШКЕК, 15-авг.— Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп TikTok сервисин иштеткен ByteDance компаниясына бир катар талаптарды койду. Бул тууралуу РИА Новостиде жазылган. 

Алгач президент ByteDance компаниясына musical.ly музыкалык тиркемесин сатып алууга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Ошондой эле 90 күндүн ичинде TikTok сервисин АКШдагы активдеринен баш тартуусун жана өлкөдө топтолгон колдонуучулардын жеке маалыматтарын өткөрүп берүүнү талап кылган.

"ByteDance компаниясынын ишмердүүлүгү АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет", — деп жазылган жарлыкта.

Документте ByteDance бирдиктүү платформаны түзүү үчүн өзүнүн TikTok колдонмосу менен musical.ly тиркемесин кошуп, чогуу иштеткиси келгени айтылат. Бул боюнча аталган компания үн ката элек.

Индия TikTok, WeChat баштаган 59 тиркемени колдонууга тыюу салды. Себеби

Белгилей кетсек, АКШ лидери Дональд Трамп TikTok элге жалган нерселерди таратып, Кытай бийлигине жеке маалыматтарды ташышы мүмкүндүгүн айтып, аны өлкөсүндө иштетпөөгө далалат кылып келет. Бул улуттук коопсуздукка, экономикага жана саясатка терс таасирин тийгизет деп эсептейт.

Ал эми TikTok баш ийген ByteDance компаниясы мунун бардыгын четке кагып, Америка өкмөтү юридикалык эрежелерди бузуп, жеке ишкерликке кийлигишип жатканын айтып сындаган

Жаңылыктар түрмөгү
0