Окумуштуулар алсыроону коронавируска мүнөздүү эмес симптом дешти

CC0 / Pixabay / Engin AkyurtЛечение нового коронавируса
Лечение нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыларга жүргүзүлгөн иликтөөдө ооруну жугузуп алгандардын көпчүлүгүнүн алы кетип, жалпы абалы начарлаган. Муну окумуштуулар COVID-19дун типтүү эмес белгилерине кошкон.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Чыгыш Англия университетинин окумуштуулары COVID-19 илдетин жашы улгайган адамдар кандай көтөргөнүнө талдоо жүргүзүп, алардын көпчүлүгүндө оорунун типтүү эмес белгилери бар деген жыйынтыкка келишкен. Иликтөө medRxiv порталына жарыяланганын РИА Новости жазды.

Карылар үйүндөгү бейтаптарды байкоо иштери 7-апрелден 29-июнга чейин жүргөн. Тестинде коронавирус аныкталган 103 адамдын 38инде гана коронавирустун стандарттуу симптомдору аныкталган.

"Спутник V". Россиялык вакцинага 20 өлкө кызыгууда. Видео

54 кишиде оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес же алар жуктургандан эки аптадан соң билине баштаганы айтылат.

Деген менен оору жуктургандардын көпчүлүгү алсырап, жалпы абалынын начарлаганын сезишкен. Муну окумуштуулар COVID-19дун типтүү эмес белгилерине кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0