Кытайдагы өлүмгө алып келет деген вирустун белгилери айтылды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКене. Архив
Кене. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер кооптуу делген SFTS вирусунан улам пайда болгон кансыроо өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Аллерголог-иммунолог Владимир Болибок Кытайдагы кооптуу делген SFTS вирусунун белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости "Комсомольская правда" басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

"Ири алдыда кишини катуу калтырак басып, эт ысып 39 градуска чейин чыгат, баш, бүткөн бой ооруп, тромбоцитопения көбөйүп бараткан белгилер байкалат. Тромбоциттер — кандын коюлуп кетпешине жооп берген клеткалар", — деп санап берген окумуштуу.

Дарыгер бул оорудан улам пайда болгон кансыроо өлүмгө алып келиши мүмкүндүгүн билдирген. Мээде, бөйрөктө же жүрөктүн кабында кан куюлуп кетүү кооптуулугу бар экендиги айтылган.

Өлүмгө чейин жеткирген Кытайдагы SFTS вирусу. Адис анын кооптуулугу боюнча үн катты

"Биздин адистер Россияда бул мүнөздөмөлөргө туура келген ингавирин дарысы бар экендигин, SFTS белгилери пайда болгондо ал жардам бериши керек деп айтышууда", — деген Болибок.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда вирус 60 кишиде табылып, жетөө көз жумду. Башында инфекция Цзянсу провинциясында катталса, кийинчерээк Аньхой провинциясынын тургундарында да аныкталган. Бейтаптардын биринин дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп, кандагы лейкоциттери менен тромбоциттеринин деңгээли төмөндөп кеткенин айтып берген.

SFTS вирусу биринчи жолу 2011-жылы катталган. Оору кенеден адамга, ошондой эле бейтаптан башка кишилерге кан же былжыр чел кабык аркылуу жугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0